Кара-Дарыя айыл аймагынын тургундары “Альфа Телеком” (ТМ MEGA) жабык акционердик коомуна (ЖАК) эки жолу кат жолдошту. Өткөн жылкы кайрылуусунан кийин жыйынтык болбогон себептүү экинчи жолку кайрылууну быйылкы август айынын аягында дагы бир жолу жөнөтүштү. Эми элдин кайрылуусу, андагы өтүнүчү боюгнча жыйынтык чыгар бекен?
Өткөн 2025-жылдын 25-август күнү Кара-Дарыя айылынын Арал айылынын бир катар участкаларынын тургундары “Альфа Телеком” жабык акционердик коомунун ошол кездеги Башкы директору Эльнар Субакожоевге кат жолдошуп, тез арада жардам көрсөтүүнү өтүнүшкөн. Ал кайрылууда Майда-Мундуз, Каңды, Сай туташ жайгашкан конуштарында “Мегакомдун” мобилдик жана интернет байланышы начар болуп жатканы, интернеттин начарлыгынан тургундар кыйналып жатышканы белгиленген. Анткени азыркы тапта санариптик кызмат көрсөтүүлөр актуалдуу болуп, тургундар ар кайсы тиркемелердин кызматынан пайдаланууда, мугалимдер менен окуучулар билим берүү процессиндеги интернет байланышынын зарылдыктарынан кыйналып жатышканы айтылган. Натыйжада ноутбук же компьютерлерде иштөө, байланышуулар кыйын болуп, бүгүнкү мамлекеттик санариптештирүү жана анын элге болгон натыйжасын жакшыртуу боюнча саясатына дал келбей жатканын да баса көрсөтүшкөн.

Эң кызыгы, Кара-Дарыя айылы түштүк жана батыш жагынан кошуна Өзбекстан менен чектешип, ал жактын мобилдик жана интернет байланышынын камтуу зонасы күчтчүүлүк кылып жатканы, өзбекстандык провайдерлер роуминг байланышын сунуш кылып жатканы да кошумча билдирилген. Адистер муну жакын арада базалык станциянын жоктугу менен түшүндүрүп жатышканын, ушул себептен кыйынчылык болуп жатканын жазышкан.
Ошондон кийин “Альфа Телеком” ЖАКтан тийиштүү адистер айыл тургундарына телефон аркылуу байланышып, кырдаалдын аки-чүкүсүн жакшылап териштирип, чынында эле базалык станция орнотуу зарылдыгын моюндашкан. Кийин, 2025-жылы 10-октябрдагы дата менен айыл тургундарына аталган ЖАКтын техникалык директору Б. Кайыков кол койгон катты жөнөтүшкөн. Анда, тилекке каршы, 2025-жылы базалык станция орнотуу мүмкүнчүлүгү жоктугун, мындай чара жылдык планга кирбегендигин билдиришкен. Жыл башында бекитилген планда жок нерсени алар баары бир жасай алышмак эмес. Бирок, ЖАК “аталган аймакта базалык станция орнотуу маселесин 2026-жылга карата тармакты өнүктүрүү планында карамакчы” – деп айылдыктарга ишеним, үмүт тартуулаган.

Ошол бойдон эки тараптын ортосунда бул маселе боюнча алака болбоду. “Альфа Телеком” ЖАК аталган аймакка базалык станция орнотуу чарасы планга киргени же кирбегени тууралуу да маалымат бербеди. Келип орното да элек. Мындай тым-тырстыктан улам терс күмөн санаган айылдыктар быйылкы 28-август күнү аталган ЖАКтын (Мегаком) Сузак районунун борборундагы кызмат көрсөтүү кеңсесине экинчи жолку кайрылуу катын тапшырышты. “Альфа Телеком” ЖАКтын жаңы директору Медербек Курманбековго бир жылдан бери маселе ордунан жылбай, мурдагы кыйынчылыктар дагы эле өкүм сүрүп жатканын айтышып, бул маселени карап, базалык станция орнотуп берүүнү кайра суранышты.

Албетте, ар тармактын өзүнүн кыйынчылыгы, ишиндеги тоскоолдуктары болот, ойлогон бардык нерсени эле ишке ашыра коюу кыйын нерсе. Ал түшүнүктүү. Анан калса, өлкөбүздө балдардын окуусун да кийинкиге жылдырганга себеп болгон катар-катар майрам, ири масштабдуу иш-чаралар болуп өттү. Балким, аталган ЖАКтын чолоосу тийбей аткандыр. Бирок, Президент, азыркы заман талап кылып жаткан санариптештирүү иши мобилдик жана интернет байланышы аксаган жерде кантип ишке ашат? Бул жөн салды эле маселе эмес да.
Эми Кара-Дарыя айыл аймагынын тургундарынын өтүнүчү быйылкы жылы аткарылабы? Же жокпу? “Альфа Телеком” ЖАКтын жетекчилиги кабарын билдирер…
Деген менен эл күтүп атат.
Айылдык маалымат борбору.