Бул айылыбызда эч бир тартип жок дегенди билдирбейт. Ошентсе да биз дайыма жашап, жакшы көрүп, сыймыктанып жүргөн айылыбызда көптөгөн тартипсиздиктер бар. Муну моюнга алыш керек. Бирок, маселеде башкада: биз канткенде ошол тартипсиздиктерди жашообуздан четтетип, жакшы жыйынтык чыгара алабыз?

Мисалы, башкасын айтпаганда да, жолдун бойлорунда көбүнчө таштандылар жата берет? Демек, аны ким бирөөлөр таштап жатат да. Аны балдар гана таштабайт, улуулар – ата-энелер, акелер жана эжелер да таштай беришет. Жолдун боюна автоунаасын токтотуп, жол боюнда ким бирөөлөр менен баарлашканча таттуу суусундук ичкендер анын идишин унаасына сала кетишпейт, жолдун боюна таштап кетишет. Бул айылдыктардын көпчүлүгүнө мүнөздүү нерсе болуп калыптыр. Анан ошол жашы улууларды жаш балдар көрүшөт: жакшы тарбия алышабы?
Кандай кылганда айылыбыздын жол бойлору таза болот? Ооба, таштандыларды таштабаганда гана. Бирок, таштап жатышпайбы? Мисалы, жол бойлоруна “Таштанды таштаба!” деп тактайча орнотуп коёлу. Айылдыктар таштабай калышабы? Таштай беришет… Эмнеге?
Сынык терезелер…
Социалдык психологдор, же коомчулуктун жүрүм-турумуна байланышкан маселелер боюнча маалыматы көп кишилер “Сынык терезелер” теориясын жакшы билишет. Бул теория өтө кызык да, анан биздин айылга, айылдыктарга керек да нерсе. Билип койгон дайыма жакшы, анткени анын пайдасы тиет.
Ошентип, 1969-жылы АКШдагы Стэнфорд университетинин профессору Филипп Зимбардо кайталангыс бир эксперимент өткөргөн экен.
Ал экөө бирдей окшош эки автоунаа алып, алардын бирин Калифоринядагы эң байлар жашаган Пало-Альто шаарчасына, экинчисин Нью-Йорктогу жакырлар жашаган тартиби начар Бронкс районуна кароосуз калтырып коёт. Анан бир нече саттын ичинде эле Бронкс районундагы автоунаа таланып-тонолуп, жок болуп кетет. Ал эми Пало-Альто шаарчасындагы автоунаага эч ким тийген эмес. Албетте, мунун себебин бай менен кембагалдын жашоосуна алып барып такашты деңизчи, бирок эксперимент дагы улана берет.

Анан бир аптадан соң Пало-Альтодогу эч бир жери чийилбей баякысындай турган автоунаанын бир айнегин чыгарып коюшат. Ишенесизби, кырдаал дароо өзгөрөт. Кыскасы, бул автоунаа да талап-тоноонун натыйжасында жок болуп кетет. Баякы кедейлер жашаган Бронкс районундагыдай эле. Эмнеге? Ушундай жакшы жашаган, тартиби сонун жайда эмнеге имындай болуп кетти? Дароо эле талап-тоноочулар кайдан чыга калышты?
Бул жерде кембагалдык же бай жашагандык негизги себеп болбоптур. Бул адамдардын жүрүм-турумуна башка нерсенин таасири бар экенин көрсөтүптүр. Көрсө, талап-тоноого автоунаанын кароосуз калтырылганы, көзөмөлсүздүгү эмес, анын бир терезесинин жоктугу себеп болгон экен. Мындай көрүнүш адамдарга кайдигерлик, эрежелердин, тартиптин жоктугу сыяктуу маанайды берет да, адамдарга карата эрежелерге карабоого, тартипти бузууга чакырык болуп калат.

Кийинки эксперименттер эгерде имараттын сынган айнегин өз убагында кайра салып койбосо, көп өтпөй башка бардык терезелери сынып жок болорун көрсөткөн. Бир айнеги сынган болсо, ага эч ким маани бербесе, эч кимге кереги болбосо, демек, экинчи, үчүнчү жана башка айнектерин деле сындырса боло берет… деген нерсе адамды жетелеп кетет. Эгерде коомдо тартипсиздиктер, башаламандыктар болсо жана ага эч ким маани бербесе, өз убагында токтотулбаса, анда ал жерде кылмыштуулук, зордук-зомбулуктар сөз жок көбөйүп кетет.
Чынында эле ошондой. Эгерде кайсы бир коомго жат, биздин жашообузга терс жагын алып келе турган нерселер алгачкы жолу пайда болгондо эле ага маани берип, аны токтотуп койсок, ал кийин кайталанбай калат. А эгер ага эч ким кызыкпаса, кайдигер болсо, анда ошол жат, терс нерсе жашообуздагы кадимки көрүнүшкө айланат.
Арабдарда жакшы макал бар экен: “Бир болгон нерсе, кайталанбай калышы мүмкүн. Эгер ал кайталанса, демек, үчүнчү жолу да болот”. Демек, ал дайыма боло берет экен.
Көнүмүш жашоо…
Азыр 21-кылым, алдыңкы коомдордо алты ай учса араң жете турган Марс планетасына баруу үчүн даярдык көрүп жатышат. Биз болсо жол боюн таза кармай албай жатабыз. Ббул иш биз үчүн ошол Марска учуп баргандан да кыйын иш болуп тургандай…

Айылыбызга сырттан канчалаган кишилер келип-кетип атышат, алардан уяла элекпиз. Анткени, таштандылардын ар жерде жатканы, таза эместиктер, иреттүүлүктүн жоктугу биздин көнүмүш жашообуз болуп калган. Таза, иреттүү, тыкан, тартиптүү жашоону көнүмүш жашоого айландыра элекпиз.
Жашообуз сонун, үйүбүздө бардык нерсе бар, камдуубуз, кем-карчыбыз дээрлик жок. Чачылып-төгүлүп жашап атабыз (албетте, пенде тойбойт дечи). Акыл-эсибиз жайында, эч кимден төмөн эмеспиз, зыңгырап бири-бирибизден кыйын экенибизди тастыктай албай кыйналып кетебиз анча-мынча. Кыкасын айтканда, жакшы жашоого, барчылыкка, токчулукка татыктуу адамдарбыз.
Бирок…
Айыл өкмөт ай сайынбы, айтор өздөрүнүн графиги бар экен, муниципалдык ишканалардын, мектептердин жамаатындагы кызматкерлерди жол боюн тазалаганды милдеттендирип коюптур. Кызматкерлер ысыкта болобу, суукта болобу, кургактабы же жамгыр-кардабы, жол боюндагы таштандыларды тазалап жүргөнүн айылдыктар дайыма көрүшөт.

Биз жол боюн тазалоо ошолордун милдети деген нерсеге көнүп калдык. Алар тазалай беришет, биз аларга карап, кичине болсо да уятыбызга, ыйманыбызга келип, ушул ишти колго алууну ойлоно элекпиз. Болбосо ар бир мааледе, участокто жашаган ыймандуу айылдыктар жаштарды, башкаларды уюштуруп, апта сайын элүү метрдей жол боюн таштандыдан тазалап койсо болмок да. Элди жакшы жакка ээрчиткендер калбай калганбы?…
Эгер Кара-Дарыя айылынын тургундары дайыма айлана-чөйрөдөгү тазалыкка маани берсе, таза кармашса, кайдигер болушпаса, жол боюнда бир дагы таштанды жатмак эмес. Эми ошол тартип, ошол активдүүлүк кимден, каерден башталат?

Кара-Дарыянын эли башкача, мурда болбогон, бирок азыркы заманга, алдыдагы келечекке ылайыктуу болгон жаңы тартипке, жаңы көнүмүштөргө, жаңы көз караштарга жана аракеттерге татыктуу экенин эми жаштар колго албаса болбой калды окшойт.
Көрүнгөн жерге таштанды таштаганды токтотолучу.
Кара-Дарыя айылы – биздин үйүбүз.
Айылдык маалымат борбору.