Кыйылып, жок болгон токой
Кечээки кумарпоз өзү жашаган аймактын, аймакта жашаган элдин келечегине башкалар жасабаган опол тоодой эмгекти жасап койгон мисал бар. Кумар оюнуна ынтаа коюп, кечээ эле башка жолдо жүргөн киши кийин элдин тагдыры үчүн мамлекет жасай албаган чоң ишти өз мойнуна алып, жакшылык жолуна түшкөн. Башкаларга үлгү болчу кызык мисал…

АКШынын Флорида штатынын тургуну, бизнесмен, карта ойноп, кумарга берилген Марион Клифтон Дэвис өмүрүн кийинки 20 жылында тапкан дүйнөсүнүн 90 миллион долларын Флорида штатындагы кыйылып кеткен токойлорду калыбына келтирүү ишине жумшады. Аны үчүн ал мындан 100 жыл мурда, же өткөн кылымдын 30-жылдарында жыгач даярдоочу компаниялар тарабынан кыйылып жок кылынган токойлорду толугу менен калыбына келтиреп деп жылаңач калган жерлерди сатып алган.

Ошол жок болуп кеткен токойлорду калыбына келтирүү долбоорун ал Nokuse, илгерки ошол жерлик индейлердин тилинде “Кара аюу” деп атап, мурда ал жерде өсүп турган саз карагайын (сосна) өстүрүү үчүн 8 миллион көчөт отургузган. Ошентип, ал бир кылым мурда жок кылынган жылаңач жерде кайра токой өстүрүп, 20 жыл ичинде бүтүндөй экологиялык системаны кайра ордуна койду. Демек, ал жерде түркүн чөптөр, гүлдөр, башка да бадалдар өсүп, бүркүттөр, еноттор, түлкүлөр, балыкчы куштар, сүлөөсүндөр жана башка көптөгөн токой жаныбарлары пайда болду. Деген менен, 10 миллион гектар аянтты адамдар, мамлекет, баарынан мурда экологиялык келечек үчүн токой менен камсыз кылуу – бул азыркы кездеги чоң ийгилик, жетишкендик.

Бирок, иш ушуну менен эле бүтүп калбаптыр. Марион мырза бул долбоорду 300 жыл бою ишке ашырууну максат кылып, пландаган экен. Демек, алдыда иш көп, ошондуктан ал болгон акчасын узак мөөнөттүү программага арнаган. Ал эле эмес, долбоордун алкагында Флорида штатынын миңдеген окуучуларын экологиялык багытта окутуп-тарбиялоо, экологиялык билим берүү борборун каржылоо жагы да унутта калбаптыр. Баракелде!
Эми биз да жөн турбайбыз
Кара-Дарыя айылынын тургундары да алдыда ушундай эле үлкөн ишти колго алышса боло турган кез келди. Түштүк Кореянын баш калаасы Сеулда жайгашкан Токой кызматташтыгы боюнча эл аралык уюм быйыл жазда айылыбызга келип, айылдыктар менен жолугушкан. Анда адырдын Базар-Коргон району менен чектешип турган белинен 1000 гектар аянтты токойго айландыруу үчүн долбоорго уруксат сурап кайрылышкан.

Айылдыктар дароо эле макул боло коюшкан жок, айрымдары жайыт маселесинен чоочуп, буга ишенбөөчүлүк менен карашты. Бирок, жолугушуу учурунда эгер биздин айылда токой массивин, массалык жашылдандыруу ишин колго албасак, кийинки он жылдарда суунун татаал жетишсиздиги пайда болору, аны үчүн жашылдандыруу, токойлоштуруу ишин тезинен колго алуу керектиги айтылган. Туура түшүнүү менен айылдыктар бир добуштан бул долбоорду колдой турганын билдиришкен.

Эми, буюрса, эл аралык уюм биздин адырдын, ылдыйкы агып турган жана жер астындагы суулардын шартын карап, долбоорду иштеп чыгып, аны эл аралык донорлорго каржылоо үчүн сунуш кылуу менен кийинки жылдары токойлоштуруу ишин баштап калат деген үмүт бар. Эгер ошондой болсо, анда:
-адырдын белине суу чыгарылат;
-ар кайсы туштан төрт-беш жерге бөлүнүп, 1000 гектар жерге көчөт отургузулат;
-алгачкы төрт-беш жылда эле көчөттөр өсүп, жерге ным топтой башташат, чөптөр өсөт, мал аралап оттогонго мүмкүнчүлүк түзүлөт;
-суу чыккан соң, андан пайдалануу келишими менен атуулдар адырды токойлоштурууну өз алдынча уланта алышат: бул экологияга да, айылдыктардын кирешелери үчүн да пайда;
-ошентип, 10 жыл ичинде айылдын аймагында ийме суулар башка жакка качпай, жердин нымдуулугу сакталып, айылдын келечеги сакталып калат;
-долбоордун аткаруучулары айылдык мектептерде экологиялык багытта билим берүү үчүн жардам беришет, мектептердин алдында бак өстүрүүгө көмөк көрсөтүшөт;
-эң башкысы, айылды андан ары жашылдандыруу, токойлоштуруу иштерин улантууга жакшы мүмкүнчүлүктөр ачылат.
Албетте, айылдыктар долбоорду ишке ашырууга да катышып, киреше табары турган кеп. Анан…айылдыкдыктардан бир тыйын сурабай 1000 гектар аянтты токой кылып берип жатса…

Кара-Дарыяда Марион мырзадай кумарпоз ишкер жок окшойт (албетте, майда ”картёжниктер” гана бар), демек, АКШда бир киши жасаган чоң ишти кичинекей Кара-Дарыянын эли өзү жапа тырмак колго аларына ишенсе болот.
Максат эмне? Максат – кийинки муундарга, урпактарга тозуган, жүдөгөн айыл эмес, токойлуу, жашыл дүйнөсү кенен, адамдарга да, мал-жандыктарга да шарты бар орошон аймакты калтыруу.
Биздин урпактар буга татыктуу!
Айылдык маалымат борбору.