Кара-Дарыя айыл аймагындагы эскирген электр мамыларын жаңыларына алмаштыруу иштери жүрүп жатат. Бүгүнкү күнгө чейин 10 киловаттык линиялардагы мамылардын 90 пайызы, 04 киловаттык линиялардагы мамылардын 60 пайызы алмаштырылып бүттү. Бул тууралуу Сузак электр тармактар ишканасынын Кара-Дарыя участкасынын башчысы Равшанбек Абдураимов билдирди.
Анын айтымында, тээ 1963-64-жылдардан баштап орнотулган жыгач электр мамыларынын эскилиги жетип, алмаштыруу зарылдыгы келип чыккандыктан, бир нече жылдардан бери бул багытта аракеттер жасалып келет. Эми быйылкы жылы жалпысынан 300 электр мамылары алмаштырылышы абзел.

-Быйылкы жылы план боюнча 300 мамы алмаштырыла турган болсо, анын 120сы Сузак электр тармактар ишканасынын, 180и Кара-Дарыя айыл өкмөтүнүн эсебинен орнотулат. Ушул күнгө чейин 150дөй мамылар орнотулду. Бул жерде эң башкысы – тургундардын короо-жайларында, ыңгайсыз жерлерде жайгашып калган электр мамылары бүт бойдон жолдун боюна чыгарылат. Анткени мамылар, электр линиялары энергетиктер иштегенге ыңгайлуу, тургундар үчүн коопсуз жайларда турушу зарыл. Бул, албетте, кошумча аракеттерди талап кылат. Биз азыркы тапта ушул иштер менен алекпиз, — дейт ал.
Р. Абдураимовдун айтымында, айылдык энергетиктер ушуну менен эле чектелип калышкан жок. Учурда күз-кыш сезонунан чыгып, эми күз-кыш сезонуна даярдыктардын алкагында линияларга тоскоол болгон дарактарды бутоо, трансформаторлорду ремонттоо иштери да кошо жүрүүдө. Күзгө чейин бардык тансформаторлор оңдоп-түзөтүлүп, даярдыкка келтирилиши керек.
Эскерте кетсек, айыл аймагында 83 трансформатор жана жалпысынан 2 миңдей электр мамылары бар.
Айылдык маалымат борбору.