Айылдык кеңеш

ЭМИ АЙЫЛДЫКТАРДЫН ӨЗ МААЛЫМАТ КАРАЖАТЫ БАР

“Кара-Дарыя айылы” маалыматтык сайтынын пайда болушу жеке мени абдан кубандырды. Биз билгенден районубузда, областыбызда бир айылдын өзүнүн интернет сайты бар экени тууралуу кабар боло элек. Балким, кайсы бир аймактарда бардыр, биз билбеген. Бирок, биздин айылдын сайты түзүлүп, ишин баштап жатканы жалпы айылдыктардын ийгилиги, колго келген мүмкүнчүлүгү катары каралат. Айылдын тарыхында дагы бир жакшы барак ачылды, дагы бир жаңы кадам жасалды деген сөз. Мына ушул жакшы жаңылык, ийгилик менен жалпы айылдыктарды Кара-Дарыя айылдык кеңешинин, жеке өзүмдүн да атыман куттуктаймын!

Сайт бизге эмнеси менен баалуу болот? Бул жалпы айылдыктардын өз айылыбызда болуп жаткан иштер тууралуу, ишке ашпай жаткан көйгөйлөр тууралуу, алдыдагы аруу максаттар, пландар, мерчемдер тууралуу, ийгиликтерибиз менен кемчиликтерибиз тууралуу дээрлик толук кабардар болушун камсыз кылат. Ошондой эле кечээки айылдын өнгүшү үчүн албан эмгек жасаган аталарыбыз, апаларыбыз, бүгүн айылды өнүктүрүү үчүн жеке салым кошуп жаткан айылдык жердештерибиз, эртеңки келечекти түзө турган жаштарыбыз, алардын аракети тууралуу дамамат билип турабыз. Өз ара ой-пикир алышабыз, башка жактардын өрнөгүн үйрөнүп, биздин өрнөктү башкаларга жеткиребиз. Кыскасы, маалымат майданында камыр-жумур болобуз, буюрса.

Эң башкысы – биздин айыл тууралуу сыртка, өлкө аймагына, алыскы жана жакынкы чет өлкөлөргө да маалымат таркайт. Анан да жаштарыбыздын өнүккөн инсан катары тарбиялоого салым кошулат.

Элде “Туулганына эмес, турганына сүйүн” деген кеп бар. Сайтыбыз бар, эми аны өнүктүрүү, айылдын өнүгүшүнө пайдалануу, натыйжалуу иштетүү – баарыбыздын ишибиз. Күн сайын карап, окуп, көрүп, үйрөнүп, шыктанып, башкаларга сунуштап, демилгелеп отурсак, баарыбыз алдыга жыла беребиз.

Сайтыбыз кут болсун!

 

Улан АБДЫГАПАРОВ,

Кара-Дарыя айылдык кеңешинин төрагасы.