Урматтуу Кара-Дарыя айылынын тургундары!
Бүгүн айылдын тарыхында жаңы барак ачылды десек да болот, анткени жакшы бир жаңылык болду. Биринчи жолу интернетте айылыбыздын өзүнүн сайты ачылып, иштей баштады. Бул эмне дегенди билдирет?
Бул, биринчиден, карадарыялыктардын өз ара карым-катнашын, айылдагы күндөлүк жаңылыктардан кабардар болушун, айылдын өнүгүшү үчүн пландалган долбоорлор, максаттар жана идеялар тууралуу элдин билип турушун жакшыртат. Эми айыл өкмөт, айылдык кеңеш баш болуп, ар кайсы ишканалар, кимдер эмне жумуш жасап жатканы, ийгиликтер жана көйгөйлөр тууралуу элге дамамат жетип турат.
Экинчиден, айыл өкмөтү, депутаттардын айылдык кеңеши, айылдагы активдүү жарандар, карапайым калк ортосунда ачык-айкындык болот. Ар кайсы социалдык топтордун, жамааттардын ортосундагы ишеним артат, карым-катнашы активдешет. Анан барып эле элибиздин ынтымагы жакшыра берет деген үмүттөбүз.
Үчүнчүдөн, балким бул эң башкысыдыр, жаш муундарды келечекке жакшы тарбиялоо максатында алардын ар тараптуу маалыматтуу болушун камсыздашка мүмкүндүк ачылат. Жаштарды жакшы жакка жетелегенге ар бирибиз үчүн шарт болуп калат.
Төртүнчүдөн, айылыбыз тууралуу сырт жактарга маалыматтар таркап, биздин үлгүбүз аларга, алардын үлгүсү бизге тарап, алдыга арымдуураак жылганыбызга жол ачылмакчы.
Жогорудагыларды эске алуу менен биз, айыл өкмөтүнүн эмгек жамааты баарыңыздарды сайттын мүмкүнчүлүгүнөн толук пайдаланып, өнүгүүгө кадам таштай беришке чакырабыз. Ал эми сайтты уюштуруп, жалпы айылдыктарга кызмат кылып жаткандарга ыраазылык билдиребиз.
Талантбек БОБОШЕВ,
Кара-Дарыя айыл өкмөтүнүн башчысы.