Экономика

ТАЗА СУУ ДОЛБООРУНУН ЭКИНЧИ ЭТАБЫ ЖҮРҮП ЖАТАТ

Кара-Дарыя айылында Майда-Мундуз, Каңды, Сай маале конуштарын таза суу менен камсыз кылуу боюнча айыл өкмөтү тарабынан жүргүзүлүп жаткан долбоордун экинчи этабы жүрүп жатат. Азыркы учурда негизги суу кудугунун жанынан сууну пайдалануучуларга басым менен жөнөтүүчү вертикалдык идиши орнотулуп, суу жеткирүүчү негизги суу трассасы казылууда. Бул тууралуу Кара-Дарыя айыл өкмөтүнөн билдиришти.

Алынган маалыматка караганда, өткөн жылы Кара-Дарыя айыл өкмөтүнүн аты аталган үч конушка таза суу берүү долбоорун Жалал-Абад областтык өнүктүрүү фондусу колдоогон алган. Долбоордун жалпы наркы 6 миллион 883 миң 476 сом болуп, Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу күн энергиясы менен суу чыгаруучу кудук казылган. Эми быйыл сууну элге жеткирип берүү иштери башталып отурат.

Жыл башында айыл өкмөтү 3 миллион 700 миң сомдук наркы менен атайын тендер жарыялап, аны “Акбарс универсал” жоопкерчилиги чектелген коому (ЖЧК) 3 миллион 50 миң сомдук долбоору менен жеңип жеңип алды. Азыр ушул ЖЧК айылда тынымсыз иш алып барууда. Мындан бир нече күн мурда сууну басым менен элге жеткирүүчү вертикалдуу идишин орнотушту. Азыркы тапта атайын белгиленген жайлар аркылуу негизги суу трассасын казып жатышат.

“Акбарс универсал” ЖЧКсынан алынган маалыматка караганда, элге суу жеткирүү үчүн 2,5-3 чакырым аралыкка суу трассасы казылып, сууну ар тарапка бирдей өлчөм менен таркатуучу кошумча 7 суу кудугу казылат да, суу түтүктөрү тартылып, суу берилет. ЖЧК негизги суу трассасын гана камсыз кылып, конуштагы калк сууну андан ары өздөрүнүн короо-жайларына алып кирүү ишин жүргүзүшөт. Конуштардын тургундары таза сууну атайын эсептегичтердин көрсөтмөсү боюнча акы төлөө аркылуу пайдаланышат.

Кошумча кабарлай кетсек, өткөн жылы айыл өкмөт тарабынан Чаңгыр-Таш айылынын Адыр участкасындагы жана Дөш айылынын Кайрагач участкасындагы калкты таза суу менен камсыз кылуу иштери жүргүзүлгөн. Эми Майда-Мундуз, Каңды, Сай-Маале конуштарындагы 450 кожолукка таза суу жеткирилсе, Кара-Дарыя айыл аймагында калкты таза суу менен камсыз кылуу деңгээли дээрлик 80 пайызга барып калат.

 

Айылдык маалымат борбору.