Кыргыз Республикасынын Президентинин областтардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү баш болгон бийлик органдарынын өкүлдөрү ар бир айыл аймагында өткөрүп жаткан жолгушуу жыйындары Сузак районунда аягына чыгып, акыркы кезекте Кара-Дарыя айыл аймагынын тургундары менен болгон жолгушуу өттү. Ага КР Президентинин областтагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев баш болгон областтагы жана райондогу дээрлик бардык мамлекеттик-муниципалдык бийлик органдарынын жетекчилери, өкүлдөрү катышышты.

Чаңгыр-Таш орто мектебиннин жыйындар залында өткөн жолгушууда Кара-Дарыя айыл аймагынын тургундары өздөрүн түйшөлткөн маселелер боюнча келген жетекчилерге кайрылышты. Анда жалпы айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүгүшү боюнча Кара-Дарыя суусуна курулуп жаткан дамба тууралуу айтылып, 30 жылдан бери дамбанын курулушу аягына чыкпаганы тууралуу кеп болду. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) өкүлдөрү буга өтө көп акча каражаты талап кылынат дешсе, област жетекчиси Т. Текебаев этап-этабы менен тынымсыз курулуп жатканын, токтоп калабаганын билдирди. Акы аягында ӨКМ өкүлү “буюрса бүтүп калат” деди. Отуз жыл буюрбаган курулуштун акырын эми алдыда буюруп калар…

Ошондой эле Кара-Дарыя айыл аймагын сырт жактар менен байланыштырган адырдын түбүндөгү жападан жалгыз жолдун маселеси да айтылды. Аны стандартка ылайыктап кеңейтип, көчкү жана башкалардан коопсуз абалга келтирип, оңдоп-түзөө зарылдыгы көрсөтүлдү. Област жететкчиси бул үчүн атайын долбоор болушу керектигин айтып, жол курулуш тармагындагыларга “карагыла” деди.

Андан тышкары, Кыргыз Республикасынын Президентинин демилгеси менен бекитилген “Жашыл мурас” программасы боюнча адырга бак өстүргөндөр ушул кезге чейин жерди иштетип жатканына, бак өстүргөнүнө документ жасатып ала албай жатышканын айтышты. Көрсө, куураган адыр “жайыт” каттегориясына кирип калып, трансформация маселесине тоскоолдук жаратып жаткан экен.

Айрым, тургундар Дөш айылынан айрым участокторуна да селден коргоочу дамбаларды куруу керектигин айтышса, айрымдары Дөштөгү Үч-Көчөдөн Ашуу (Перевал) жакка кеткен жолдун абалы начардыгын айтып чыгышты. Айрымдары айылда китепканаларды иштетүү тууралуу айтса, кээ бирлери таштандылар маселесин көтөрүп чыкты. Бир катар тургундар илгерки ата-энеси жашаган үйдүн документтери жок, ага документ жасатуу кыйындыгын, башкалары жер маселеси боюнча талаш-тартыштарды көлдөлөң коюшту. Айрым жаш энелер саламаттыкты сактоо мекемелеринин жүр-нары мамилеси, тейлөөнүн начардыгына наарызылыгын билдиришти. Айылдык ооруканага врачтын түнкү нөөмөтүн уюштуруу зарылдыгын айтышты. Ал эми жаштар айылдагы фельдшердик-акушердик пунктка элдик демилге менен “Тез жардам” унаасын алып беришсе, эми аны мамлекеттик органдар тарабынан мыйзамдаштыруу маселеси аябай оор болуп жатканына даттанышты. Бир топ тургундар жеке маселелери боюнча кайрылышты.

Албетте, арыз-даттануулар боюнча жеринде дароо жооптор айтылып, муктаждыктарына ылайык кеп-кеңештер берилип жатты. Бул жолугушуунун эл үчүн пайдасы десек болот. Ары-бери чуркап убара болбостон, жеринде жардам алган айылдыктар үчүн жеңил. Бирок, бир-эки кишинин арыз-даттануусу чечиле калганы менен бул сыяктуу эле башка тургундардын маселеси кандай болот? Демек, маселени системдик тартипте жолго коюу жагын караштырыш керек экен.

Жолгушууда арыз-муңун айтканга, суроо бергенге айылдыктарга 2 минутадан гана убакыт берилди. Өз оюн, пикирин, кырдаалды тапатак жатык тил менен түшүндүрө албаган айылдыктарга бул оңой болбоду. Алар област жететкчисине көбүрөөк сөз, пикир айткысы келди, бирок убакыт аз…айта алышпады. Ушул жагы өкүнүчтүү болду.

Ошентип, жолугушуу болду, Президенттин тапшырмасы аткарылды, област менен райондогулар келип, айылдыктарды арыз-муңун угушту, жооп беришти. Ары-муңун айткан эл эртеңкиден үмүт кылып, жай турмушуна кирди. Бирок, айтылган нерселер боюнча жолугушууга чейинки көйгөйлөр жана жолугушуудан кийинки кырдаал өзгөрөбү? Айырмачылык болобу? Кеп ушунда.
Эми аны алдыда турмуш көрсөтөт…
(Фото-сүрөттөр КР Президентинин областтагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы тарабынан берилди)