Билим берүү

БҮТҮРҮҮЧҮЛӨРГӨ АК БАТА БЕРИШТИ

Өткөн аптанын ишемби күнү айылыбыздагы Чаңгыр-Таш орто мектебинин чоң жыйындар залында Кара-Дарыя айыл аймагындагы алты мектептин бүтүрүүчү класстарынын окуучулары менен ушул айылдан өсүп чыккан, коомдо башы көрүнгөн өңчөй инсандардын жолугушуу иш-чарасы болуп өттү. Иш-чара “Ар бир кесип ардактуу” деп аталып, ал Кара-Дарыя айыл өкмөтүнүн демилгеси жана уюштуруучулугу менен өткөрүлдү. Келген меймандар жана мугалимдер мындай салтанаттуу иш-чара айыл тарыхында биринчи жолу болгонун белгилешти. 

Бул иш-чараны Кара-Дарыя айыл өкмөтүнүн башчысы Таланбек Абдуллаевич Бобошев ачуу менен бирге катышып отурган бүтүрүүчүлөргө кесип тандоонун маанилүүлүгүн билдирип, улуу муундагы жердештер менен биргеликте аларга ак жол каалап, азыноолак болсо да туура жол көрсөтүү максатында ушундай салтанат уюштурулганын белгиледи. Ошондой эле бүтүрүүчүлөргө белгилүү инсандар менен жолугушуу учурунан пайдаланып, алардын кеп-кеңештерин угуп, кызыккан маанилүү суроолоруна жооп алууга аракет кылууларын сунуштады.

Кеп кезеги келген меймандарга берилип, алардын ар бири өзү тандап алган кесиптин коомдук мааниси, анын күңгөй-тескейи тууралуу айтып, бүтүрүүчүлөргө алдыдагы экзамендерди, тесттерди жакшы тапшыруу менен өздөрү каалаган келечекти тандап алуусуна тилектештиктерин билдиришти. Ал эми келген меймандар негизинен дин, укук коргоо, билим берүү, маалымат технологиялары, курулуш, ветеринария, аскердик кызмат, ишкердик чөйрө, банк, журналистика жана башка тармактардын өкүлдөрүнөн туруп, турмуш босогосун аттаганы турган окуучуларга өздөрүнүн кеп-кеңештерин, каалоолорун айтышты. Негизинен жаштар алдыга чоң максаттарды коюп, ага жетүү үчүн тынымсыз аракет жасоолору, терең жана ар тараптуу билим алуулар, тоскоолдуктардан, кыйынчылыктардан коркпой, аларга моюн сунбай алга умтулуулары зарылдыгын баса белгилешти. Ошондой эле жаштар билим алуу, өз деңгээлдерин көтөрүү менен бирге эле жогорку адеп-ахлакка, маданиятка умтулууларынын маанилүү экени ортого салынып, билим алуу менен жакшы, коомго үлгү болгон инсан болуу аракетин чогуу алып жүрүүлөрү керектиги белгиленди.

Кезегинде катышып отурган бүтүрүүчүлөр жолугушууга келген меймандарга өздөрү кызыккан суроолорун жаадырышты. Аларды тигил же бул кесипке ээ болуу үчүн биринчи кадамды эмнеден баштоо, кайсы окуу жайларга кантип тапшыруу керектиги, анын оош-кыйыштары тууралуу суроолор кызыктырды. Бүтүрүүчүлөр арасында аксердик кызматка, укук коргоо жана курулуш тармагына, маалымат технологиялары жана ишкердик чөйрөсүнө көбүрөөк кызыгышканы берилген суроолордон көрүнүп турду. Жаштардын өз келечегине кайдигер карабай, көп маалыматтарды билүүгө умтулганын көрүп, келген меймандар да ал суроолорго кеңири жооп берүүгө аракет кылышты.

Бүтүрүүчүлөрдүн баарлашууга активдүү катышканы текке кетпеди. Суроолору менен активдүү катышкан бүтүрүүчүлөр сахнага чакырылып, келген меймандар аларга жакшы каалоолорун айтуу менен аларга азыркы учурда абдан керектүү, маанилүү жаңы китептерди белек кылышты. Айрым меймандар активдүүлүгү менен өзгөчөлөнгөн бүтүрүүчүлөргө өздөрүнүн жеке акчалай белектерин да ыйгарышты. Акырында келген меймандар алар менен чогуу сүрөткө түшүштү.

Бул салтанаттуу иш-чаранын акырында Кара-Дарыя айыл өкмөтүнүн башчысы Т. Бобошев убактысын аябай болочок кесип ээлерин сыйлап келген меймандарга, жыйынга активдүү катышкан окуучуларга, аларды уюштуруп келген мугалимдерге чын көңүлдөн ыраазылык билдирип, жакшы каалоолорун айтты. Меймандарга, иш-чараны уюштурууга катышкан мугалимдерге Кара-Дарыя айыл өкмөтүнүн Ыраазылык каттары кол чабуулар астында тапшырылды.

Келген меймандар болуп өткөн иш-чаранын актуалдуулугуна жогору баа беришип, айылдан өсүп чыккан, өз кесиби боюнча чыгаан инсан катары көрүнгөн жердештер менен келечек муундардын ортосундагы ушундай баарлашуулардын болуп турушунун зарылдыгын белгилешти. Алар ушундай жакшы демилге менен чыгып, аны уюштурган, мугалимдер менен окуучуларга колдоо көрсөткөн Кара-Дарыя айыл өкмөтүнө, башчысы Талантбек Бобошевга ыраазылык билдиришти.  Мындай иш-чаралар дагы да улантыла бериши керектигин айтышты. Иш-чаранын даярдалышы жана өтүшүнө кол кабыш кылып, уюштуруу иштерин жүргүзүшкөн Чаңгыр-Таш орто мектебинин мугалимдери менен жетекчилерине да жакшы каалоолорун билдиришти. Мектептин окуучулары жалпыга чакан программадагы концерттик номерлерди тартуулашты.

Белгилеп кетчү нерсе, мектептин директорунун кабинетинде өз ара пикир алмашуу учурунда ар кайсы жактан келген меймандар Кара-Дарыя айылындагы алты мектептин окуучуларынын билим жана тарбия деңгээлин, инсандык ар тараптуу өнүгүшүн заманга жана келечектин талаптарына ылайык жогорулатуу максатында долбоорлорду чогуу иштеп, аны ишке ашыруу жаатында аракет кылууну макулдашышты.

Бул, албетте, жакшы башталыш, жаңы кадам болуп калмакчы. Анткени Кара-Дарыя айылынын татыктуу келечегин камсыз кылгыбыз келсе, анда келечек муундарга кам көрүп, аларды ошого ылайык даярдашыбыз керек. Бул маанилүү.

 

Айылдык маалымат борбору.