Коом

ФЕРМЕЛЕР ЭМНЕГЕ КӨҢҮЛ БУРУУ КЕРЕК?

Кыргызстандык фермелер жыл сайын эле тигил же бул эгиндерди, жашылчаларды эгүү менен азыноолак болсо да көбүрөөк киреше алгысы келет, бирок кээде алар ойлогондой болбой калат. Эмнеге? Анткени дыйканчылыктын прогнозу жана агрардык сектордогу анализ жетишсиз болуп калат. Ошонун кесепетинен кирешеден кол жууп калышат.

Эгер Айыл чарба министрлигинин прогнозуна таянсак, быйыл кандай тобокелдиктер бар?

 

Картошка көйгөйлүү болбойбу?

 

Эми быйылкы жылы да айрым фермер-дыйкандар пайда көрүп, айрымдары кирешеден кол жууп калышы ыктымал экен. Мисалы, Айыл чарба министрлигинен алынган маалыматтарга караганда айрым өнүмдөр керектөөдөн ашыкча өндүрүлүп, керектөөчүлөр үчүн пайда, ал эми фермелерге өкүнөрлүк жагдай келип чыгышы мүмкүн. Бул тууралуу өлкөнүн маалымат каражаттарында кабарланды.

Министрликтин азык-түлүк коопсуздугу бөлүмүнүн жетекчиси Уран Чекирбаевдин айтымында, негизги көйгөй картошкага байланыштуу, анткени быйылкы алына турган түшүмдүн көлөмү өткөн жылдагы ички рыноктук керектөөнүн көлөмүнөн ашып кетиши ыктымал болууда. Мунун айынан картошканын базар баасы 30-40 сомго түшүп кетиши да мүмкүн. Азыркы маалда баа 40-45 сом болуп турат, бирок 2024-2025-жылдары ушул тапта бир килограмм картошканын баасы 60 сом эле.

Деген менен, үмүт тутанткан жагдай да бар экен: бизге кошуна өлкөлөрдө картошканын жетишсиздиги байкалып турат. Бул болсо, фермерлердин сыртка сатуу мүмкүнчүлүгүн пайда кылат. Кептин баары фермелердин сырткы алармандар менен иштешүү чеберчилигинде жана сыртка ташып соода кылгандардын активдүүлүгүндө.

Балким, Кара-Дарыя айылынын аймагында фермелердин өндүргөн өнүмдөрүн сыртка ташып сатуучу ишкерлер бардыр. Эгер жок болсо, муну ойлонуу керектир.

 

Мөмө-жемиш жагы да оңой эмес…

 

Кыйынчылык мөмө-жемиш өстүрүп, ошону менен соода кылгандарга да келиши мүмкүн экен. Ошол эле министрликтин билдиришинче, быйыл өрүк сатам дегендер кыйналышы ыктымал. Себеби, өрүк кардар издеп, анан аны менен шашпай соодалашканга чейин карап турбайт, убактысын өткөрбөй тез сатыш керек болот. Муна ушул жагдай биздин багбандарды ашыкча түйшүккө, балким өкүнүчкө дуушар кылат. Даяр өнүмдү сата албай, кирешеден кол кууган кимге жаксын…

Ошондуктан, айылдын багбандары мөмө-жемиштен болобу, жашылчалардан болобу түшүм алуудан мурда аны сактоочу жайларын, кайсы бир убакытка чейин сактап тура ала турган шартты түзүп алууну ойлонушу керек экен. Азыркы технология өнүгүп турган заманда бул маселени чечип алса болоор деген ой келет.

Балким, айылдыктардан жер-жемиш, жашылча өнүмдөрүн сактоочу жайларды акырындап куруп, ошондон пайда көрө турган ишкерлер чыгып калат? Эмнеге болбосун?…

 

Айылдык маалымат борбору.