Сузак районунун Кара-Дарыя айылында алгачкы коомдук сайт ачылып, ишин баштады. Дегинкисинде, коомго маалымат таркатуучу сайттар республикалык, аймактык деңгээлде пайда болуп, иштеп эле келе жатышат. Бирок, айылдын өзүнүн маалыматтык сайты түзүлүп, анын иштеп жатышы – азырынча сейрек көрүнүш. Буга эмне түрткү болду? Эмне максаттарды көздөйт? Келечеги кандай болот? Бул тууралуу сайттын ээси, белгилүү журналист Жалил Сапаровдун өзүнөн билүүгө аракет жасадык.

— Жалил мырза, айылга өзүнчө сайт жасоонун канчалык зарылчылыгы бар эле?
— Мен көп жылдар бою массалык малымдоо тармагында, мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарда иштеп жүрүп, анан ардактуу эс алууга чыккан соң айылга бардым. Эми карапайым эле айылдык кишинин жашоосун жон терим менен сезе айылдаштарымдын арасында болоюн дедим. Анан баргандан кийин акырындап көйгөйлөр көрүнө баштады. Кой, айылдагы мындай кырдаалды оң жагына өзгөртүү керек, өзгөрүүгө пайдубал түптөш керек, дедим. Бир катар айылдаштарым менен акылдаштым, баарлашуулардан, талаш-тартыштардан кийин кеңири анализ жасап, акыры айылга маалымат таркатуучу сайт керек экенин түшүндүм.
— Ал эмне болгон көйгөйлөр экен?
— Инфраструктурасы жагынан, жумуштуулук жагынан, айыл чарба тармагы жагынан, сугат системасы жагынан, социалдык-маданий жагынан, иши кылса көйгөйлөр, алдыда көлдөлөң турган, тезинен ишке ашыра турган иштер аз эмес. Бирок, айылдын көп өзгөрүүлөрдү жасаганга чамасы чак болот, баары эле келип каржы маселесине такалат эмеспи. Айылдык муниципалитеттин бюджети дайыма жетишсиз болуп туруп алат. Бирок, бул мен көргөн эң маанилүү көйгөйлөр эмес эле. Мен айылдыктардын ой-жүгүртүү, тигил же бул көрүнүштөр, маселелер боюнча анализ жасоо, корутунду чыгаруу, тигил же бул маалыматтарды сабаттуураак кабыл алуу, ак менен караны, калп менен чынды сергек чыпкалап кабылдоо, тигил же бул көрүнүштөрдү же фактыларды жакынкы жана алыскы перспективадан карай алуу, деги эле аң-сезимдик жана маданият жагынан жалпы деңгээл жагынан аксап жатышканын баамдадым. Анан ушул жааттагы жашы улуулар менен жаштардын ортосундагы айырмачылык да даана көрүнүп турат. Жаштар кыйла прагмативдүү ой-жүгүртүүгө, аракетке өтүп алышыптыр. Жашы улууларда тескерисинче. Иши кылса, жогоруда айтылган жагдайлар биз жашап жаткан азыркы заманга шайкеш келбей тургансыды, артта калууну сезгендей болдум. Кала берсе, мектепти бүткөн бүтүрүүчүлөр компьютерде астейдил иштегенди билишпейт экен, башкасын айтпай эле ак коёлу… Бирдеме кылбаса болбойт деп чечтим.
— Анан сайт ачтыңар.
— Эгер коомду же жамаатты кайсы бир багытта өзгөртүү керек болсо, демек, ошого мерчемделген маалыматтык процессти пайда кылуу керектигин түшүнөм. Лениндин “Эмнеден баштоо керек?” деген белгилүү макаласы бар эмес беле? “Жалпыроссиялык саясий гезиттен баштоо керек” деп чекит койгон. Ленинди жакшы көрөбүзбү же жаман көрөбүзбү, бирок идея туура болгон. Биздин шартта да маалыматтык процесс абдан маанилүү.

-Азыр маалымат таркатуучулар ушунчалык көп, анткени колуна смартфон кармаган кишинин баары маалымат таркатуучу болуп алды. Маалымат мейкининде бороон-чапкын (шторм) болуп, коомчулуктун башын айландырып деле салды го. Ушундай кырдаалда айылдык сайт кайсы бир ийгиликтерге оңой менен жете алар бекен?
— Кептин баары ошондо да, кантип элге сиңиш керек, кантип айыл жамаатынын көңүлүн буруш керек, кантип аларга бирдемени сиңириш керек. Кыйын иш, абдан кыйын. Бирок, таптакыр мүмкүн эмес, болбой турган иш деп мени эч ким ынандыра албайт. Эгер кайсы бир киши эзели бак өспөгөн, чөп өспөгөн кургак чөлгө, такыр чөлгө бак тигип, ал чөлкөмдү кийин адамды таң калтырган жашыл оазиске айландырган болсо, дүйнөдө мындай мисалдар толтура го, анда эмне үчүн бир айылда медиа-оазисти түзгөнгө болбосун? Жашыл оазиске жылдар бою тынымсыз мээнет кылышкан, медиа-оазиске деле ошондой мээнет керек. Албетте, ниет кылып, аракет жасап, айылда тийиштүү медиа-чөйрөнү түзүп, анан бир концепциянын артынан экинчисин ишке ашырып отурса, баары болот деп ойлойм. Бул бир күндүк же бир кишилик иш эместиги түшүнүктүү.
— Ошондо силердин айылдык сайтта кандай маалыматтарды таркатасыңар? Приоритет кандай болот дегеним да. Башкы маалыматтык багытыңар кандай болот?
— Маалыматтык багыт айылды сактап калууга жана аны өнүктүрүүгө кызмат кылышы керек. Эмне үчүн “сактап калуу”? Кеп биздин айылдын аймактык орун алышы, андагы кырдаал райондун башка аймактарынан өзгөчөлүү экенинде. Мисалы, Кара-Дарыя айылы Сузак районунун батышында жайгашкан, райборбордон айыл аймагынын борборуна чейинки аралык 20 чакырымдан ашат. Райондун башка аймактары менен жападан жалгыз унаа жолу байланыштырып турат. Батыш жана түштүк жагынан Өзбекстан, түндүк жагынан Базар-Коргон району менен чектешет. Чыгыштан Батышка карай жарыша созулган эки айыл – адыр бойлогон Дөш, Кара-Дарыя суусун бойлогон Арал айылдары, район жактан кире бериште жайгашкан Чаңгыр-Таш айылы бар. Он жети миңден ашуун эл жашайт.
Айылдыктар негизинен дыйканчылык жана мал багуу менен оокат кылышат. Айылдын түндүк тарабындагы адырга мал айдашат, бирок азыркы климаттын айынан чөп деле чыгып жарытпайт, жайыт деген аты эле бар. Суусу бар аймактарга күрүч эгишет, ал рентабелдүү эмес. Элге жакшы киреше бере турган агробагыт, тармак жок. Анан да айыл эли сугат үчүн Кара-Дарыя жана Көк-Арт сууларынан пайдаланат, жыл сайын аккан суунун көлөмү азайып баратат. Эгер ушул тенденция жүрүп отурса, дагы он жылдан кийин сугат суусуз калуу коркунучу бар.
Жаштар көбүнесе жан багыш үчүн Россияга иштегени кетишет. Ата-энелер арасында балдарын келечектеги ар тараптуу өнүккөн инсан катары эмес, жан багып кетүү үчүн ресурс катары гана карагандар басымдуу. Мектепти бүтүрсө, Россияга барып иштеп, акча тапса деген максат менен жүрүшөт. Иши кылса, айылдын келечеги кыйын, бүдөмүк болуп турат.
Эң кызыгы, айылдыктар өз аймагында эмне болуп жатканын, кандай болуп жатканын, болуп жаткан көрүнүштөрдүн жөн жайын жакшы билишпейт экен. Айыл бийликтеринин аткарып жаткан иштери тууралуу да элде маалымат өтө аз экен. Таркаган маалыматтар да так, иреттүү же максаттуу эмес да, “бузук телефон” же анализи жок кургак “картина” түрүндө жетип, коомчулукка жакшылыктуу сиңбейт. Ар ким өзүнүн деңгээлине же максатына ылайык комментарийлеп, ал комментарийлер чындык болуп таркап кете берет.
— Демек, айылдагы маалымат вакуумун толтуруп, аны иретке салуу керек турбайбы. Коомчулукка фактыларга таянган, фактыларга жана көрүнүштөргө сабаттуу анализ жасаган маалымат булагын сунуш кылып атыпсыңар да.
— Албетте, биз башаламан жана күмөндүү маалымат булактарынын ордуна так фактылар жана сиз айткандай сабаттуу, пайдалуу анализдерди сунуш кылган маалымат булагын сунуш кылып, ушул жагын иретке салмакчыбыз. Ошондой эле эң негизги багыт – айылдын маалымат мейкиндигин калыптандырып, жамаатта ачык-айкындуулукту камсыз кылуу. Айылдагы жашоону, кыймыл-аракетти, аткарылып жаткан иштер менен алдыдагы максаттарды, ийгиликтер менен кемчиликтерди, ар күнкү болуп жаткан кырдаалды айылдыктар билип, ынанып турушу – биздин максат. Менимче, бул жерде муниципалдык бийликтин, билим берүү, саламаттыкты сактоо, укук коргоо, ишкердик чөйрөлөрүнүн да кызыкчылыгы бар. Алар коомчулук менен карым-катнаш жасагысы, өз максаттарын ишке ашыргысы келет. Сайттын маалымат таркатуу ишин айылдык активдүү медиа-тайпалар аркылуу жүргүзөбүз, буюрса. Жаштар арасында, мектептерде, ишкерлер арасында кызыккан активдүү жарандардан медиа-тайпаларды түзөбүз, алар маалымат топтоочу, таркатуучу негизги күч болушат. Кантип? Алар сайт тарабынан уюштурулган алгачкы окуу-практикадан өтүшкөн соң, маалымат топтогонду, тандаганды, ылгаганды, сайтка ылайык текст даярдаганды, фото-видео материалдарды даярдаганды үйрөнүп, сайттын негизги автолору болуп калышат. Анан жарыяланган материалдарды социалдык тармактардагы биздин ресурстарга, сырткы медиа-рынокко кеңири жайылтышат. Ошентип, сайт айылыдагы өзүнчө коомдук мадиа-платформа болуп, коомдук кыймыл болуп калышына аракет кылабыз. Менимче, бул айылдыктарды да кызыктырат жана жаңы, жакшы саамалыктарга үндөйт. Албетте, бул маалымат саясатына жараша болот.
— Сайт, ошентип, айылдыктарга гана багытталган, анын чегинен сыртка чыкпаган маалымат каражаты болуптур десек туура болобу? Деген менен, анын мүмкүнчүлүктөрү көп да.
— Албетте, биздин мерчем – айыл жана айылдыктар. Сайт айылдын жана айылдыктардын өнүгүүсүнө маалыматтык колдоо көрсөтүшү ылаазым. Башка максатыбыз жок. Деген менен, айылдын чегинен чыкпай коё албайсың да, биз айылыбыз тууралуу маалыматтарды өлкө аймагына кеңири жайылтууга кызыкдарбыз. Бизде башка жактарга үлгү болорлук көрүнүштөр, ийгиликтер, аракеттер болуп жатат. Бизде башкаларга өрнөк болчу инсандар чыгышкан, дагы да чыгып жатышат. Жаштарыбыз арасында жакшы көрүнүштөр арбын, алар тууралуу сырткы дүйнөгө жар салып турганыбыз оң. Анан, албетте, жогору жактарга кулак кагыш кылчу, даттана турган көйгөйлөр болуп келген, дагы деле тоскоолдуктар пайда болушу ыктымал. Иши кылса, сырткы дүйнөгө да активдүү чыгабыз, буюрса. Эч кандай “железный занавес” болбойт, ачык-айкындуулук биздин негизги принцип эсептелет. Анан, албетте, сайтта жалаң эле айылга тиешелүү контент берилип калбайт, район, област жана өлкө боюнча, чет элдик да материалдарды айылга карата актуалдуулугуна карап кеңири чагылдыра беребиз. Ошентип, бизде, буюрса, эки медиа-рынок болот: ички жана сырткы.

-Айылдык сайт болгону менен үлкөн милдеттерди аркалайт турбайбы. Көп иштеш, көп издениш жана аракет жасаш керек экен. Буга ылайык команда барбы? Азыр айылдарда камчы салдырбай иштеп кетчү журналистти да табыш кыйын го. Анан, эмнеге сайт түзүүгө белсенип калдыңар, андан көрө даяр социалдык тармактардан эле пайдаланып, кеңири иш алып барса болбойт беле?
— Бул жагы кыйын, албетте. Айрым бир журналисттер менен бул тууралуу баарлашып көрдүм, тамырларын тартып. Бизде бир жаман нерсе бар, баланча сом айлык төлөсөң, ал жакса, иштеп беришет. Болбосо – жок. Жаңы идеяны ишке ашыруу, жоктон бар кылуу, чөлгө гүл эгип, гүлзарга айландыруу боюнча кеп салсаң эле болду, жаа бою качышат. Биз азыр башка багытты тандап турабыз. Айылдык жаштар, мектептер жана кызыккандар арасынан бир канча медиа-тайпаларды уюштуруп, аларга маалымат топтогонду, аны сайтка ылайыктап иштеп чыкканды, фото жана видео материалдарды жасаганды үйрөтүш керек болот. Бир жыл кыйналсак керек, анын жолго түшүп кетебиз деп турам. Ошентип, сайттын командасы практика учурунда окуп-үйрөнүү, өзүн-өзү калыптандыруу, өнүктүрүү аркылуу түптөлөт. Ишенсеңиз, ушундай жол менен түзүлгөн команда ишенимдүү, бекем жана натыйжалуу иштеп кетет. Азыр дал ушул иштер менен алек болуп жаткан кезибиз.
Албетте, сайтты иштетүү үчүн, медиа-тайпаларды түзүү, үйрөтүү, алардын ишин уюштуруу үчүн бизге каражаттык жана уюштуруучулук жактан колдоо керек болот. Айылдык ишкерлер, биздин иштин ийгилигин каалагандар бизди колдоп кетишет деп ойлойм, ишенип турам. Ал эми уюштуруучулук жактан колдоо боюнча айыл өкмөтүнүн жетекчиси колдой турганын билдирди. Ал түшүнгөн, биздин идеяга кызыккан кадр экен, чогуу иштешкенге ынтызарлыгын билдирди. Албетте, муниципалдык бийлик менен айылдыктардын ортосундагы карым-катнаш натыйжалуу болсо, айылдын өнүгүшүнө сөзсүз оң таасирин берет. Андан сырткары да биз айылдан тышкаркы өнөктөрдү табабыз, алардын ынаткан долбоорлорду сунуш кылабыз деген оюбуз бар. Кыскасы, сайтты өнүктүрүүнүн концепциясын иштеп чыктык, албетте, ал кийинки этаптарда жаңы максаттарга, муктаждыктарга жараша өзгөрүп турат.
Анан, эмне сайт, социалдык тармактарды эле пайдаланса болбойт беле деген пикир боюнча. Албетте, жөндүү пикир. Бирок, биздин айылга карата жасалган чала-була мониторинг бизге муну көрсөттү: элдин басымдуу көпчүлүгү Фейсбукта же Инстаграм, Телеграм сыяктуу социалдык тармактарда эмес, WhatsApp мессенжеринде отурат экен. Айылдыктардын арасында миңдеген катталуучусу бар ишкердик-коммерциалык тайпалар, майда айылдардын, аксакалдардын, аялдардын, кыз-келиндердин, жаштардын, окуучулардын, айыл өкмөтү баштаган мамлекеттик жана муниципалдык мекемелердин толгон-токой тайпалары бар экен. Бул сайттын маалымат таркатуу ийгилигин шарттайт. Социалдык баракча, тайпа түзүү, аларга айылдыктарды катталуусун уюштуруу, анан алардын активдүүлүгүн камсыз кылуу жана башка иштер бизге оор болуп калат. Балким, бул жаштар менен уюштурулуучу кийинки этапта ишке ашып калар. Азырынча биз сайттын активдүүлүгүн WhatsApp аркылуу айылдыктарга түз жеткирүүнү тандап алдык.

— Жогоруда айылдыктар, жергиликтүү калк өз аймагындагы болуп жаткан нерселерден азыраак кабарбар деген пикирди айттыңар.
— Чынын айтканда, аймактардагы калктын ошол аймактагы болуп жаткан ар түркүн темалар боюнча маалыматы аз. Биринчи кезекте жергиликтүү калк ошол аймактагы социалдык-экономикалык, маданий багытта жүрүп жаткан иштерден дамамат кабардар болуп турушу абзел. Бирок, иш жүзүндө андай эмес. Кыргызстан боюнча, айрыкча борбордук өкмөттүн деңгээлиндеги социалдык-экономикалык, маданий жана башка багыттардагы маалыматтар дембе-дем таркатылып жатат. Бирок, аймактардагы болуп жаткан иштер, аракеттер, көрүнүштөр жеткиликтүү таркатылбай келет. Мисалы, айыл аймагынын тургундары айыл өкмөтүнүн деңгээлинде жасалып жаткан иштер тууралуу толук маалыматка ээ эмес. Кала берсе, айыл аймагынын жылдык бюджети канча экенин да билишпейт. Өткөн жылдагы негизги ийгиликтер, мурдагы жылга салыштырмалуу анализ, кийинки жылга же жылдарга каралып жаткан долбоорлор тууралуу кабары жок. Район жана област деңгээлинде деле ушундай кырдаал. Областтарда УТРКнын филиалдары иштешет, бирок алар областтын да, район-шаарлардын да, айыл аймактарынын да маалыматтык саясатын ишке ашырып бере алышпайт. Ага эфирдик убактысы да, журналисттик командасы да, техникалык базасы да, бөлүнгөн акчасы да жетиштүү эмес. Анан чарбалык эсепте иштеп жаткан областтык гезиттер бар. Гезит нускасы да аз, маалымат таркатуу мүмкүнчүлүгү аябай эле чектелүү, анан мыкты журналисттер ал жакка барып иштешпейт. Гезиттердин сайттары бар, бирок сайтты иштетүү менен гезит чыгарып таркатып койгондун айырмасы өтө чоң. Балким ошондонбу, сайттар активдүү маалымат таркатуучу боло алышпай атат. Ал эми район-шаарларда, айыл өкмөттөрүндө, көпчүлүк мамлекеттик-муниуипалдык мекемелерде маалымат таркатуучу каражаттары мындай турсун, басма сөз катчысы же коомчулук менен иш алып барган адиси да жок. Анан жергиликтүү калкта каяктагы маалымат?
— Сайттын алкагында ар кандай долбоорлор түзүлө турганын да кеп кылдыңар...
— Тийиштүү өнөктөрдү таап, айылдык жаштарды, мектептердин жогорку класстарынын окуучуларын жалпы өнүктүрүүчү долбоорлорду ишке ашыруу жагын ойлоп жатабыз. Эгер айылды, айылдыктарды өзгөртүү керек болсо, анда алардын дүйнөгө, жашоого, баалуулуктарга көз карашын өзгөртүү керек болот. Мындай максаттарыбыз көп: билим, саламаттык, табият, дүйнө тааным, маданият жана искусство, спорт сыяктуу багыттар боюнча аракет кылсакпы деп турабыз. Биздин айылдан күчтүү математиктер, көп тилди билгендер, шахмат боюнча алдыга суурулуп чыккандар чыкса деген кыялдарыбыз бар. Ушунун баарын бир кичинекей, көпчүлүк анча маани бербеген маалыматтык сайттан баштап жатабыз. Сайт жөн гана маалымат таркатуучу, мотивациялоочу каражат эмес, айылдыктардын өнүгүшүнө пайдубал түптөгөн өзүнчө бир медиа-платформага айланып кетиши керек болуп турат. Ооба, максаттарыбыз үлкөн, буга көп эмгек, көп убакыт керек болот, биз ошого кайылбыз.
Маектешкен Курманбек МАМБЕТОВ,
“Кыргыз Туусу”.
2026-жылдын 26-июну, №45 (25015)