Кара-Дарыя айылында туулуп-өскөн, балалыгын айылда өткөргөн көптөгөн жердештерибиз Кыргызстандын гана эмес, дүйнөнүн ар кайсы аймактарында жашап, эмгектенип жүрүшөт. Алардын арасында биз сыймыктана турган нарк-насилдүү, эмгеги жана жасаган ийгиликтери, жетишкендиктери менен чартарапка аты тараган бараандуу кишилер бар. Алар тууралуу Кара-Дарыя айылынын тургундары, айрыкча жаштар жакшы билүүгө жана алар менен сыймыктанууга тийиш.

Ушундай жердештерибиздин бири – азыр Сокулук районунда жашаган Махбуба Ормонова. Кесиби боюнча врач, көптөгөн республикалык маанидеги өкмөттүк, мамлекеттик сыйлыктар менен сыйланган. “Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген врачы” наамына ээ. Көп жылдар бою Фрунзе (Бишкек) шаарында, Кемин жана Сокулук районунда, кийин Шопоков шаарында медициналык мекемелерде жетекчи кызматтарда иштеди. Эмгеги менен зор кадыр-баркка ээ болду.

Өзү Кара-Дарыя айыл аймагынын Дөш айылында Ормон Кангелдиевдин үй-бүлөсүндө туулуп, биринчи классты айылда окуган. Кийин Ош шаарындагы Терешкова атындагы интернатта билимин улантып, андан ары Кыргыз мамлекеттик медицина институтунда билим алуу менен врач-терапевт адистигине ээ болгон.
Калганын видео-тасмадан көрүңүз.