Жаңылыктар

ТОГУЗ ЖЫЛДАН КИЙИН КАЙСЫ МӨМӨ КӨП КИРЕШЕ БЕРЕТ?

Дагы тогуз жылдан кийин же 2035-жылга барып тропикалык авокадо мөмөсү дүйнөдөгү эң көп сатылган товарга айланмакчы. Анткени авокадонун дүйнөлүк соодасы азыртан эле кызып жаткан кези. Маалыматтарга караганда, 2025-жылы бул мөмөнүн дүйнөлүк экспортунун көлөмү 3,3 миллион тоннага жетип, бир жыл мурдагыга караганда 13 пайызга өскөн. Экспорттун өсүшүнүн себеби Перудан сыртка сатуулардын жана дүйнөлүк суроо-талаптардын көлөмүнүн өсүшүндө. Бул тууралуу FreshFruitPortal басылмасына шилтеме берип, EastFruit медиа-платформасы жазып чыкты. 

Мурдагы 2024-жылы авокадонун экспорту 2 гана пайызга өскөн болчу, анткени Мексика ички суроо-талаптын көптүгүнөн аны экспортко чыгарбай турган. Мындан Перу пайдаланып кетти да, алынган мол түшүмгө таянып авокадону импорттогон ири өлкөлөргө экспортту күчөтүп жиберди.

Ошентип, эксперттердин баамында, 2035-жылга барып авокадонун эл аралык соодасынын көлөмү буга чейин алдыда бараткан ананастын соода көлөмүн артка калтырып, алдыга чыгат. Башкача айтканда, дүйнөлүк экспорттун көлөмү 4,3 миллион тоннага жетип, наркы 11 миллиард долларды чапчыйт.

Азыркы тапта авокадонун дүйнөлүк соодасынын 60 пайызы Мексика менен Перуга туура келет. Алар негизинен АКШ жана Европа Шериктештигинин өклөлөрүнө экспорттоп келатышат. Эми алардын катарына Чили, Доминикан Республикасы жана Марокко кошулду. Ошол эле кезде Кызыл деңиздеги көйгөйлөрдөн улам логистиканын кыйынчылыгы себеп болуп, Кения менен Түштүк Африка Республикасынан экспорттун көлөмү азайып кетти.

Өткөн 2025-жылы авокадонун дүйнөлүк импорту 12 пайызга өсүп, 3 миллион тоннага жеткен. Эң эле күчтүү суроо-талап АКШ менен Европа Шериктештигинин өлкөлөрүнө туура келет. Ал жактагы керектөөчүлөргө авокадонун пайдалуу сапаттары жана тамак-аш катары жогорку баалуулуктары жагууда.

Азыркы тапта өндүрүүнүн көлөмү жагынан авокадо тропикалык башка мөмөлөргө жетпесе да өндүрүш темпи жагынан алдыга чыгаары күмөнсүз болуп калды. Эксперттик уюмдардын баамында, 2035-жылга карата өндүрүү көлөмү 16 миллион тоннага жетип, 2015-жылдагыга салыштырмалуу үч эсе жогорулайт. Ал эми өндүрүштүн жылдык өсүшү 3 пайыздын тегерегинде болору айтылууда.

Эми 2035-жылга карата авокадону эң көп өндүрүүчүлөр арасында Мексика, Колумбия, Перу жана Доминикан Республикасы аталууда, алардын дүйнөлүк өндүрүштөгү үлүшү 53 пайыза жетет экен. Ал эми Латын Америкасы менен Кариб бассейнинин өлкөлөрү биригип дүйнө боюнча өндүрүлгөн авокадонун 65 пайызын түзүшөт жана лидерликти колдон чыгарышпайт. Жанында суроо-талабы көп АКШ турган Мексика дүйнөлүк экспорттун 38 пайызын кармап турса, экинчи орунда 25 пайыз менен Европага экспорттоочу Перу калат. Алардын артынан Кения, Колумбия ээрчийт.

Деген менен, 2035-жылга карата дүйнөлүк импорттун 41 пайызы менен АКШ, 28 пайызы менен Европа негизги керектөөчүлөр болуп калышмакчы. Ошондой эле Улуу Британияда, Канадада, Кытайда жана Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүндө, кала берсе авокадо өндүргөн Колумбия, Индонезия жана Мексикада да авокадого болгон керектөө көбөйөт деп болжолдонууда.

 

Авокадо кандай мөмө?

 

Авокадо же Америкалык Персея тропикада өскөн, дайыма жашыл түстөгү адамдын организмине пайдалуу мөмө. Ал пайдалуу моноканыкпаган майлардын жогорку деңгээлде камтылышы менен өзгөчөлөнөт. Авокадонун жумшак бөлүгү (маңызы) калийге, витаминдерге (К, С, В, Е) жана олеин кычкылына бай. Алар жүрөк менен кан тамырлардын саламаттыгына жакшы таасир тийгизип, холестериндин деңгээлин төмөндөтүүгө жардам берет.

Май кычкылдарынын арасында бул продукт башка жашылчаларга караганда витаминдердин жакшы сиңишине шарт түзөт. Дайыма колдонуу тамак сиңирүүнү жана зат алмашууну жакшыртат, кандагы канттын деңгээлин нормалдаштырат, көзгө, чачка жана териге жакшы таасир берет.

Америкалыктардын, европалыктардын жана башка өлкөлөрдүн атуулдарынын авкокадону жактырышы бекеринен болбосо керек…

 

Кызык суроо…

 

Авокадого болгон суроо-талап Борбордук Азияда, Кытайда өсүп отурса, бул дүйнөлүк чоң базарга Кара-Дарыя айылынын багбандары да кошула алар бекен? Дүйнөлүк үлкөн сооданы кызыткан бул мөмөнү айылда өстүрүп, пайдадан четте калбай, киреше алышар бекен?

 

Айылдык маалымат борбору.