Билим берүү

ДӨШ АЙЫЛЫНДА БАЛДАР БАКЧАСЫ КУРУЛУП ЖАТАТ

Кара-Дарыя айыл аймагында жүздөгөн миллион сомдук инфраструктуралык курулуш иштери жүрүп жаткан болсо, алардын көпчүлүгү болочок муундарга – балдарга арналган курулуштар эсептелет. Андай курулуштардын бири — Дөш айылындагы Майда-Мундуз участкасындагы балдар бакчасынын жаңы имараты.

Бул “Үмүт” балдар бакчасынын курулушу буюртмачы катары Жалал-Абад областтык капиталдык курулуш башкармасы тарабынан жүргүзүлүп, подряддык иштерди “Кыргыз-Спецстрой” компаниясы алып барууда. Элүү орунга ылайыкталган бакчанын курулушунун наркы 47 миллион сомго бааланып, ал республикалык бюджеттен каржыланып жатат. Азырга чейин 2 кабаттуу бул курулуштун 40 пайыздан ашык көлөмү бүткөрүлгөн: каркастары тургузулуп, калганы иштери улантылууда. Курулуш иштери жалпысынан 2025-жылдын 11-сентябрынан башталса, 2027-жылга карата бүткөрүлмөкчү.

Деги эле бул балдар бакчасы 2014-жылдан бери карай иштеп келет. Айылда балдар бакчасынын жетишпегендиги жаш үй-бүлөлөгө кошумча ыңгайсыздыктарды жана кыйынчылыктарды алып келгендиктен, муниципалитет 6 бөлмөдөн турган чакан балдар бакчасын куруп иштетүүгө аргасыз болгон.

Азыркы тапта иштеп жаткан балдар бакчасында 5 тайпа балдар тарбияланышууда. Балдар бакчасында баары болуп 26 персонал болсо, анын жетөө тарбиячы, бешөө жардамчы тарбиячылар эсептелет. Бакчанын башчысы Акмөөр Асанова баш болгон персонал жаңы курулуштун аягына чыгышын чыдамсыздык менен күтүп жатышкан кези.

Балдар бакчасынын жаңы имаратынын пайда болушу Төш айылындагы балдарга жана бакчанын персоналына карата жакшы шарттын түзүлүшүн камсыз кылат. Бул, албетте, тарбиялык иштердин деңгээлинин жогорулашына оң таасирин берет.

 

Айылдык маалымат борбору.