Билим берүү

ЖАРЫМ КЫЛЫМДАН СОҢ МЕКТЕП РЕКОНСТРУКЦИЯЛАНЫП ЖАТАТ

Кара-Дарыя айыл аймагынын Арал айылындагы №20 Мамасадык Маткаримов атындагы орто мектептин имараты ал негизделгенден бери 56 жылдан кийин толугу менен реконструкцияланып жатат. Бул мектептин имараты 1970-жылы курулган, андан бери утурумдук гана оңдоп-түзөө иштери болуп келген. Бул тууралуу Кара-Дарыя айыл өкмөтүнөн билдиришти. 

Белгилеп кетчү нерсе, мектептин имаратынын реконструкциясы Бүткүл дүйнөлүк банктын ERIK – “Кыргызстанда табигый кырсыктардын тобокелдиктерине туруктуулукту жогорулатуу” долбоору аркылуу жүргүзүлүп жатат. Бул долбоордун 2-компоненти боюнча өлкөнүн 300 мектебинде изилдөө иштери жүрүп, айылдагы Маткаримов жана Абдукаимов атындагы орто мектептер реконструкциялоо зарылдыгы менен долбоордун приоритеттик тизмесине киришкен.

Бул реконструкциялоо иштеринин буюртмачысы болуп Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги эсептелет. Ал эми курулушту “ЭААС” жоопкерчилиги чектелген коому долбоорлосо, курулуш иштерин тендерден жеңип алган “Гигант-Строй Компани” жоопкерчилиги чектелген коому жүргүзүүдө. Курулушка тиешелүү жер аянты 1,69 гектар, анын ичинен мектептин аянты 1962 чарчы метрди түзөт. Жалпысынан 320 орунга ылайыкталган бул мектептин реконструкциялоо иштеринин наркы 107 миллион 940 миң 262,87 сом деп аныкталган.

Мектептин имаратын реконструкциялоо кайра пландаштыруу, эсеп-аналитикалык негиздемеге ылайык көтөрүүчү конструкциялык элементтерди күчөтүү, имараттын фасадын жакшыртуу, инженердик системаларды жана коммуникацияларды алмаштыруу, имаратты жылуулоо, пайдубалды, дубалдарды, мамычалар менен устундарды бекемдөө жана желдетүү, жылытуу жана электр менен жабдуу тутумун орнотуу иштерин камтыйт.

Андан сырткары, мектептин муктаждыгы үчүн курулмаларды орнотуу, 9 ички дааратканаларды жайгаштыруу, чатыр конструкцияларын алмаштыруу, сырткы жарыктандырууну, лифт жана пандусту орнотуу иштери жүргүзүлөт. Долбоордо көрсөтүлгөн маалыматка караганда, реыонструкциялоо иштери 2027-жылдын апрель айына карата аяктайт.

Эгерде долбоордук иштер аягына чыгып, реконструкция өз максатына жетсе, мектептин имараты толугу менен жаңы стандарттарга жооп берген заманбап абалга келип, жаңыдан курулгандай эле болуп калат, дешет адистер. Бул, биринчиден, мектеп мугалимдеринин балдарга жакшы таалим-тарбия беришине, окуучулардын жакшы билим алышына жакшы шарттарды камсыз кылат.

Эске сала кетсек, бул мектеп Сузак районундагы алгачкы мектептердин катарында турат. Адегенде ал “Кызыл жылдыз” мектеби деп аталып, кийин ага Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери, Балтика боюндагы өлкөлөрдү жана Кенигсберг шаарын фашисттерден бошотууга катышкан, Польшага чейин барып, бир канча жолу жарадар болгонуна карабастан согушта каармандык көрсөткөн, согуштан келип ушул мектепте көп жылдар бою жаш муундарга билим берген айылдын ардактуу атуулу Мамасадык Маткаримовдун ысымы берилген.

Алдыдагы 2026-2027-окуу жылында М. Маткаримов атындагы орто мектепке окуу үчүн 820 окуучу катталган, аларга 53 мугалим билим берет. Ал эми Кара-Дарыя айылында 6 орто мектеп болуп, жаңы окуу жылына карата 3490 бала окууга катталды, аларга 237 мугалим сабак өтөт.

 

Айылдык маалымат борбору.