Жаңылыктар

БЕЙТАПТАРГА ЖАРДАМ БЕРҮҮ ШАРТЫ ЖАКШЫРДЫ

Эми Кара-Дарыя айыл аймагынын Арал айылында жайгашкан №18 Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун имаратында бейтаптарга процедуралык жардам көрсөтүү маселесинде көйгөй болбойт, анткени ал каанадагы зарыл шарттар жакшырды. Бул тууралуу айыл өкмөтүнөн билдиришти. 

Бул медициналык мекеме Арал айылындагы “Өрүк бак” участкасында жайгашкан. Анын имараты 2024-жылы курулуп, ошол эле жылы пайдаланууга берилген. Мекеме айыл аймагындагы калкка медициналык кызмат көрсөтүү менен анда процедуралык жардам да берилип келет. Бирок, процедура каанасынын косметикалык шарты, адистик жардам көрсөтүүгө ылайык келбеген айрым шарттарынын жетишсиздиги орун алып келген. Ошол себептүү бул мекеменин жетекчилиги Каоа-Дарыя айыл өкмөтүнө, депутаттарга процедуралык каананын шартын жакшыртууга жардам көрсөтүү өтүнүчү менен кайрылган.

Айыл өкмөтү өтүнүчтү жерде калтырган жок, убагында жардам көрсөтүү менен толук кандуу кызмат көрсөтүүнүн шарты жакшыртылды.

-Айыл өкмөттөн жардам берилди, бөлүнгөн 15 миң сомго процедуралык каана кошумча оңдоп-түзөтүүдөн өткөрүлүп, бүгүнкү күндө талапка ылайык абалга келтирилди. Албетте, жардамдын көлөмү чоң эмес, бирок ошонун эсебинен бейтаптарга жардам көрсөтүү ишинин сапаты жакшырат, кеп ошондо. Биздин максатыбыз – айыл тургундарынын саламаттыгын бекемдөө жана анын алдын алуу ишине керектүү бардык шарттарды түзүү, ак халатчандарга көмөк көрсөтүү. Демек, бул багытта биз дайыма аракет кылабыз, медиктерди колдойбуз, — дейт айыл өкмөтүнүн инвестици иштери боюнча адиси Каныбек Султанов.

Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун кызматкерлери берилген жардамга ыраазы болуу менен кайрылган ар бир айыл тургунуна сапаттуу кызмат көрсөтүү аракетин жасап жатышканын айтышат. Бүгүнкү күндө аталган саламаттыкты сактоо мекемесинде клиникалык жетекчи Инабат Эназарова баш болгон 2 врач, 6 медайым, 1 лаборант иштеп жатат. Эмгек жамаатынын мүчөлөрүнүн жалпы саны 12 кишини түзөт.

Ал эми Кара-Дарыя айыл аймагында мындан сырткары Чаңгыр-Таш ооруканасы, №12 Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу, Арал айылындагы 12-фельдшердик-акушердик пункт калкка медициналык кызмат көрсөтүүдө. Ал мекемелерде жалпысынан 9 врач, 29 медайым калк саламаттыгына кызмат өтөп жатат.

 

Айылдык маалымат борбору.