Кара-Дарыя айыл аймагынын экологиясын жакшыртууга, жайыттарынын натыйжалуулугун жогорулатууга, ошондой эле айыл тургундарынын тапкан кирешелеринин көбөйүшүнө дагы бир мүмкүнчүлүк жаралып отурат. Белгилүү АРИС (Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агентствосу) “Кыргыз Республикасындагы токойлорго жана жайыттарга климаттык инвестициялар аркылуу көмүртектин секвестрациясы (СS-FOR)” долбоорунун алкагында жайыттарды сактоо жана өнүктүрүү, көмүртектин абага чыгышын азайтуу чараларын каржыламакчы. Ал аркылуу айылдыктар зор утушка ээ болушат. Учурда бул долбоордун 2-компонентин ишке ашыруу аракеттери башталды.

Буга чейин айыл аймагында АРИСтин адистери долбоордун, “Жаратылыш ресурстарын далилдүү маалыматтар негизинде башкарууну күчөтүү” темасындагы 1-компонентин ишке ашырган. Анын алкагында айыл тургундары арасында талкуулар, окуулар өткөрүлүп, айылдагы негизги көйгөйлөр, каржылык колдоого муктаж болгон жагдайлар жана багыттар тандалган.
Эми “Токойлорду жана жайыттарды калыбына келтирүүгө жашыл инвестициялар” деп аталган 2-компоненти ишке ашырылмакчы. Бул компоненттин алкагында АРИСтин адистери менен айыл тургундары жайыттарды калыбына келтирүүгө багытталган долбоорлорду талкуулап, конкреттүү багыттагы иш-чараларды тандашат. АРИС болсо, айыл тургундары түзгөн чакан долбоорлорду каржылоо аркылуу анын ишке ашуусуна мүмкүнчүлүк түзүп берет.

Ал эми АРИСтин бул долбоорунун “Климаттын өзгөрүшүнө сезгич кошумча нарк чынжырчаларын (КНЧ) өнүктүрүү” деп аталган 3-компоненти аркылуу климаттык жана жайыттарды өнүктүрүү, калыбына келтирүү багытындагы иштеп жаткан ишкерлерге кошумча нарк чынжырчаларын түзүү, аларга өз максаттарын ишке ашырууда жеңил үстөгү бар каражаттарга жетүү үчүн техникалык жардам көрсөтүү иштери аткарылмакчы. Бул болсо, айылдык ишкерлер өздөрү өндүргөн айыл чарба өнүмдөрүн чийки зат түрүндө сатып чектелбей, аларды товарга айландыруу аркылуу кошумча кирешелерди табуусуна жана элге да кошумча жумуш сунуш кылуусуна мүмкүнчүлүктөрүн берет.
Кара-Дарыя айыл өкмөтүнүн жыйындар залында АРИСтин адистери менен айыл тургундарынын ортосунда өткөн жолугушууда айыл тургундарына бул долбоордун максаты жана мааниси тууралуу айтылып, буга чейинки жасалган иштер боюнча маалымат берилди. Ошондой эле алдыда турган иш-чаралар, аракеттер тууралуу баарлашуу болуп, айыл тургундарынын бир катар суроолоруна жооптор берилди.

АРИСтин адистери айыл аймагындагы долбоорлорду ишке ашырууга 83 миң АКШ доллары өлчөмүндө каржылоо берилерин айтышып, айыл тургундары менен кайсы багытта иш алып баруу зарылдыгын талкуулашты. Эки ортодо жайыттарды жакшыртуу, калыбына келтирүү, климаттык багыттагы иштер тууралуу бир катар кызуу талкуулар өттү. Айрым тургундар адырда суунун жоктугунан элдин колундагы мал ылдыйга түшүп суу ичкени, андай учурда айлананы калың чаң каптап, айлана-чөйрөгө зыян келтирип жатканы тууралуу айтышса, айрымдары жайыттарды суу менен камсыз кылуу үчүн Кемпир-Абад суу сактагычынан атайын суу тартып келүү зарылдыгын ортого салышты. Кээ бир тургундар ар кайсы майда-чүйдө долбоорлорго маани бербей, бөлүнө турган каражатты бир максаттуу долбоорго арнап, көпчүлүк муктаж болуп турган негизги маселени чечип алуу зарылдыгын ортого салышты. Бул сунуш тургундарга да, АРИСтин адистерине да жакканы жолугушуу учурунда байкалып турду.

Жолугушуу учурунда бул сунушту эске алуу менен Кара-Дарыя айыл өкмөтүнүн башчысы Талант Бобошев адырга суу чыгаруу, атайын суу кампасын (резервуар) жасоо, ошол аркылуу тамчылатып сугарууну колго алуу менен жайыттарды жакшыртуу, багбанчылыкты да колго алуу жагын ортого салды. Депутаттардын айылдык кеңешинин төрагасы Улан Абдыгапаров бул долбоор айылдыктарга жайыттарды калыбына келтирүүгө гана эмес, мал баккандарга жана багбанчылык менен алек болгондорго да жакшы шарт түзөрүн кошумчалап, адырдын кыйла бөлүгү суу менен дайыма камсыз болуп каларын айтты.
Жолугушуунун аягында АРИСтин тийиштүү адистери айыл тургундарынын активдүү тобу менен биргеликте кайсы багыттагы чараларга токтолуу, кайсы долбоорду тандоо, аны ишке ашыруу багытында кандай аракеттер жасалышы керектиги боюнча талкууну улантышты. Эми кайсы багыттагы кандай иш-чаралар тандалып алынары жана кантип ишке ашырылары тууралуу алдыда белгилүү болмокчу.

Климаттык багытта жайыттарды жакшыртуу үчүн АРИСтин долбоору аркылуу Кара-Дарыя айыл аймагына атайын каражат бөлүнүп жатканы кубанарлык нерсе. Мунун аркасы менен чаңдап жаткан адырга суу чыгаруу жана тамчылатып сугаруу аркылуу жайытты өнүктүрүү жана багбанчылык иштерин жандандыруу, ошол аркылуу калктын кирешесин көбөйтүү – эл муктаж болуп турган башкы нерселердин бири. Деген менен, долбоордун шарты боюнча бардык чыгымдардын чейрек бөлүгү айыл өкмөтү менен айыл тургундарына жүктөлөт. Алар кошумча каржылоо жана көмөк аркылуу өздөрү үчүн абдан зарыл натыйжага жетишишет. Бул башкы нерсе.
Айылдык маалымат борбору.