Коом

ЭКИ КИШИ 600 ГЕКТАР ЧӨЛДҮ ТОКОЙГО АЙЛАНДЫРДЫ. КАНТИП?

Сүрөтчүлүктөн токойчулукка

 

Илгери фотограф болуп иштеген бразилиялык Себастьян Сальгадо аттуу киши жубайы менен биргеликте 600 гектар чөлгө айланган жерди жыш токойлуу аймакка айландырышты. Экөө 20 жыл бою тынымсыз аракеттин аркасында 2,7 миллион түп көчөт эгип, ХХ кылымда сыпсыйда кесилип кеткен тропикалык токойдун ордун бак-дарактар менен толтурушту. Албетте, оңой болгон жок…

Ал өзү дүйнөгө аты тараган атактуу фотограф болчу. Дүйнөлүк эң бир мартабалуу сыйлыктарды алууга жетишкен таланттуу киши. Жашоосу да жакшы, ушинтип эле тынч жашай берсе болмок, бирок ал жашоосун таптакыр өзгөрткүсү келди жана аны аялы Лелия колдоду.

Ошентип, ал Бразилиянын Айморес шаарчасындагы эски үй-бүлөлүк ранчодо жашап, токойлорду калыбына келтирүү жаатындагы идеянын негиздөөчүсү жана кыймылдаткыч күчү болуп калды. Эгер ал жер ээлиги бар фермердин үй-бүлөсүндө туулуп, табият эмне экенинен кабары болбогондо, балким мындай болбостур эле.

Жаш кезинде Сан-Паулу шаарындагы жогорку окуу жайынын экономика факультетине тапшырат, эрте үйлөнөт, өзү туулган аймакта жашап-иштегиси келет. Бирок. 1969-жылдагы Бразилиядагы аскердик төңкөрүштөн улам Парижге качып кетет. Ал жакта фотограф болуп иштеп калат.

Аскердик диктатуранын күнү бүткөн соң, 10 жылдан кийин ал өз жерине келет да, кыйылып кеткен жүздөгөн гектар аянттардагы токойлорду калыбына келтирүүнү максат кылат. Ошентип, атасынан калган жерди иштетип, токойлорду калыбына келтирүү ишине киришет.

 

Жыйырма жылдык мээнет

 

Илгери бул аймакта 10 миң баш кара мал, сан жетпеген чочколор багылчу экен. Жергиликтүү калк мал багып, күрүч менен кант тростнигин айдап тирилик өткөрүп жүргөн. Токойлор кыйылып, чөлгө айлана баштаганда малга жайыт да жоголуп, ал аймакта жашоо кыйындап кетет. Ийме суулар төмөндөп, жаан азайып, жашоого мүмкүн да болбой калат.

Ошол 1990-жылдары абалды сактап калуу үчүн Жер институту жана токойлорду калыбына келтирүү боюнча аймактык программалар түзүлөт. Сальгадо да аялы менен көчөт отургузууну баштап, күн сайын гектардан гектарга жылып, токойлоштуруу аракети күчөй берет. Мындай 20 жылдык аракеттин акыбетинде чөлгө айланган аймак азыр тааныбай турган абалга келди. Алты жүз гектар аянттагы жыш токой, андагы 293 түрдүү өсүмдүктөр, бадалдар, бактар жамырап өсүп чыгышты. Анда дүйнөнүн башка жеринде кездешпеген өсүмдүктөр пайда болду. Өсүмдүктөр эле эмес, ал жерге ар кайсы канаттуулар, сүт эмүүчү жапайы жаныбарлар, карышкылар менен пумалар байыр алышты. Эми бул жерде кишилер гана эмес, алардын мал-жандыктары да кенен жашай берсе боло турган сонун шарттар түзүлдү.

 

Оорудан айыкты, жаштарга кам көрдү

 

Эң маанилүүсү: Себастьян Сальгадо мурда ооруп жүргөн, көп жыл бою айыкпай кыйналган. Ошол токойлоштуруу учурундагы тынымсыз эмгек, ал эмгектин жеңиштери, ар бир дарактын көгөрүп өсүшү, жыш токойдун пайда болушу анын толук айыгып кетишин камсыз кылды. Ар бир сайылган көчөт, ар бир көктөп чоңойгон дарак, өсүмдүктөрдүн жапжашыл болуп каптап чыгышы, канаттуулар менен жаныбарлардын көбөйүшү, жашыл табияттын өз ордуна кайтып келиши аны сопсоо адамга айландырды.

Деген менен, Сальгадо бул үлкөн ишке өзү фотограф болуп иштеп, жыйнаган 3 миллион долларын бүт сарптаган болчу. Балким, ал ошол акчага ден соолугун кайра сатып ала албайт болчу. Анан чөлгө айланган 600 гектар аймак кайрадан жыш токойго айланбайт да болчу. Деген менен, токойду калыбына келтирүү иштерине 50-60 кызматкерди, сезон убагында көптөгөн студенттерди жалдап иштетүү, аларга шарт түзүү, зарыл жайларды куруу иштерине да көп каражат кетери турган кеп. Жалдап иштеткендердин акысына эле жылына 600 миң доллар каражат жумшап турган. Баса, студенттерге жакшы шарттарды түзүп беришиптир: аларды акысыз турак-жай менен камсыз кылып, бир жылдык окуу акысын төлөп берип турушкан.

 

Биз үлгү алсак болобу?

 

Албетте, чөлдү токойго айландыруу, адамдарга жакшы жашоо шартын түзүү, көпчүлүктүн оорун жеңилдетүү боюнча дүйнөдө көптөгөн жакшы мисалдар көп. Мүмкүн болушунча алар тууралуу айылдаштарга маалымат берип турганга аракет жасайбыз. Анткени, биздин айылдаштар, айрыкча жаштарыбыз ошондой өрнөктүү, өзүн гана ойлобой, жалпы коомчулукту, өзү жашаган аймакты, андагы кишилердин тагдырын ойлогон не бир асыл инсандардын үлгүлүү иштеринен, аракетинен үлгү алышар, ошолордой болуп биздин айылды өнүктүрүү багытында эч болбосо ой-жорутушар, топ-жыйында гыйбат-ушактарды мындай таштап, ошолор тууралуу кеп салышат деген гана ой…

Кандай деген менен, быйылкы жылы жаштарыбыздын биримдиги, ынтымагы, ак ниеттүү араккети менен каражат топтолуп, айылдаштарыбызга пайдасы тийсин деген максатта заманбап “Тез жардам” унаасы сатып алынды. Бул мурда болуп көрбөгөн жакшы саамалык болду. Бул тууралуу окуучу-жаштар арасында сөз кылып, өрнөк алууга үндөй жүрсөк жакшы болор эле.

Ал эми Сальгадонун өрнөгү бизге абдан керек, анткени канча жылдардан бери бозоруп, чаңы чыккан адырыбыз бар. Азыркы тапта айыл өкмөтүнүн демилгеси, АРИСтин каржысы менен жайыттарды калыбына келтирүү долбоорунун алкагында адырга суу чыгарып алуу аракети жүрүүдө. Эгер суу чыгып калса, айылдыктар адырды жашыл аймакка айландыруу, токойлоштуруу багытында чоң иштерди алып баруусу зарыл болуп турат. Ошондо чөбү жайкалган жайыт да, бактан алынган кошумча кирешелер да элдин колунда болот.

Кара-Дарыя айыл аймагынын келечеги, анын жакшы шарты, өнүгүүсү, ар тараптуу коопсуздугу биринчи кезекте айылдыктарга керек. Демек, биринчи кадамды да, биринчи аракетти да айылдыктар өз колуна алышы абзел. Башка жол жок.

 

Даярдаган Жалил САПАРОВ.

 

Айылдык маалымат борбору.