Кара-Дарыя айылындагы мектептерде жана балдар бакчаларында кандай ийгиликтер бар? Кандай өксүктөр пайда болууда? Алдыда кандай максаттар турат жана аларга кантип жетишебиз? Мугалимдер менен тарбиячылардын алдында кандай милдеттер турат? Мына ушулар тууралуу Кара-Дарыя айыл өкмөтүнүн жыйындар залында айыл өкмөттүн жетекчилиги менен мектеп директорлорунун, социалдык педагогдордун, балдар бакчаларынын башчыларынын катышуусундагы жыйын өттү.

Кара-Дарыя айыл өкмөтүнүн башчысы Талант Бобошев алдыдагы окуу жылында таалим-тарбия берүүнү жаңы деңгээлге көтөрүү зарылдыгын белгилеп, өткөн окуу жылынын аягында айыл аймагынан көптөгөн окуучулар тесттик жогорку баллдарга жетишкенин эске салды жана алдыда дагы да ийгиликтүү иштеш керектигин белгиледи.
Ошол эле кезде жыйында мугалимдерге жардам катары айыл өкмөтү тарабынан да айрым чаралар көрүлүп жатканы тууралуу айтылды. Мисалы, айыл аймагындагы алты мектеп менен Бекмамат Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин ортосундагы кызматташуусу боюнча алгачкы аракеттер жүрүп, айыл өкмөтү тарабынан иштелип чыккан эки тараптуу кызматташуунун концепциясынын долбоору ректоратка тапшырылганы, ал жогорку окуу жайынын жетекчилиги тарабынан жакшы кабыл алынганы белгиленди. Эми ЖАМУнун тийиштүү адистери концепцияны карап чыгышкан соң, эки тараптуу келишим түзүлүп, кызматташуу процесси башталмакчы.

Эки тараптуу кызматташуунун негизги максаты булар болмокчу:
а) окуучулардын математика предмети боюнча билим деңгээлин жогорулатуу;
б) окуучулардын англис тили премети боюнча билим деңгээлин жогорулатуу;
в) окуучулардын маалымат технологиялары (IT) боюнча билим деңгээлин жогорулатуу;
г) окуучулардын биотехнологиялар боюнча жалпы түшүнүктөрүн заманга ылайык калыптандыруу;
д) окуучулардын жалпы инсандык (личносттук) калыптануусун, өнүгүшүн камсыз кылуу.

Ошондой эле айыл аймагындагы мектептердин окуучуларынын ар тараптуу өнүгүшүн үчүн окуучулар арасында ар кайсы тематикалык, предметтик сынактарды уюштурууну колго алуу, анын уюштуруучулук жана каржылык жагын камсыз кылуу боюнча кеп болду. Бул боюнча алгачкы жоболор иштелип чыкканы кабарланды. Жаңы жылга чейин окуучулар арасында “Менин айылым” аттуу фото-сынакты уюштуруу каралып жатканы айтылып, жандуу кызыгууну пайда кылды.
Окуучулар менен эле эмес, жаш педагогдор менен да иштешүү, аларга ар тараптуу жардам көрсөтүү жагы айтылып, окуучулар арасында жүргүзүлүүчү ар кандай сынактар жана башка долбоорлорго жаш педагогдорду активдүү тартуу маселеси да эске алынды. Ошондой эле окуучулар менен педагогдор арасында өткөрүлүүчү иш-чараларды каржылоо маселеси тууралуу да айтылып, айыл аймагынын бюджетинен тышкары атайын коомдук, бюджеттик эмес фонддорду түзүү, каражат топтоо зарылдыгы баса белгиленди.

Айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Замирбек Егембердиев жаңы дайындалган мектеп директорлорун жаңы кызматтык ордулары менен куттуктап, аларга ийгиликтер каалады. Алдыдагы окуу жылында жакшы таалим-тарбия берүү максатында чогуу аракеттерди активдештирүүгө чакырды.
Айыл өкмөт жетекчилиги мектептердин чарбалык иштери боюнча да мугалимдер менен пикир алышып, “Элге кызмат” муниципалдык ишканасынын жететкчилиги айылда тазалык жана таза суу менен камсыз кылуу маселесинде акы төлөө жана келишимдерди түзүү жаатында эл арасында түшүндүрүү иштери жүрүп жатканы тууралуу кеп кылып, буга мугалимдер жамаатынын жардамы керектигин белгиледи. Ал эми айылдык милиция бөлүмчөсүнүн кызматкерлери айыл ичинде коомдук тартипти сактоо боюнча көрүлүп жаткан чаралар боюнча айтты. Өз кезегинде мектептердин жетекчилери, мугалимдер тазалык жана таза суу менен камсыз кылууну жакшыртуу, коомдук тартипти бекемдөө боюнча өз пикирлерин ортого салып, сунуштарды айтышты.

Айыл өкмөтүндөгү бул жолку жыйын айыл аймагында балдарга таалим-тарбия берүүнүн маанилүү экенин, ишти жакшыртуу багытында мектептер менен айыл өкмөтү чогуу аракет жасай тургандыгын, бул үчүн атайын чаралар даярдалып жатканын, алдыда терең билим берүү менен бирге окуучулардын коопсуздугун, ар тараптуу өнүгүшүн камсыз кылуу зарылдыгын көрсөттү.
Айылдык маалымат борбору.