Жаңылыктар

КИЧИ ЭНЕРГИЯ: АНЖИЯНДЫКТАР АЛДЫГА КЕТТИ

Кыргызстандын Ош жана Жалал-Абад облустарына коңшулаш турган Өзбекстандагы Анжиян областынын Анжиян районунда эми кичи суу-электр станциялары үчүн заманбап зарыл жабдууларды чыгаруу колго алынды. Ал өлкө жетекчилигинин тийиштүү жарлыгынын негизинде ишке ашырылып жатат. Бул тууралуу Рodrobno.uz жаңылыктар агенттиги жазып чыкты. 

Алынган маалыматка караганда, өлкө башчысы кичи ГЭСтер тармагын өнүктүрүү боюнча атайын жарлык кабыл алган соң, ага ылайык Анжиян районунда “Андижон Жинлун янги энергия” ишканасы түзүлгөн. Борбордук Азиянын тоолуу өлкөлөрү жана андагы суу ресурстары үчүн мындай жабдуулар зарыл экени жана аймакта андай жабдууларды чыгарган өндүрүш жоктугу эске алынган.

Бул долбоордун жалпы наркы 20 миллион доллар туруп, ал чет элдик инвестициянын эсебинен ишке ашырылмакчы. Келерки 2027-жылы ишкана толук кубаттуулукта иштей баштайт жана жыл сайын кичи ГЭСтер үчүн 70 миллиард сум (азыркы орточо курс менен 5 миллион 927 миң 600 доллар) нарктагы 100 комплект жабдуу, ошондой эле кичи энергетикалык жабдуулар менен электро-техникалык өндүмдөр чыгарылып турат. Ишкананын аркасы менен 200 жумушчу орду түзүлүп, Казакстанга, Кыргызстанга жана Тажикстанга жыл сайын 3 миллион доллар наркындагы заманбап жабдууларды жөнөтүү пландалууда.

Ишкана Анжиян областында бир катар кичи ГЭСтерди куруу аркылуу калкты жана өнөр жай тармагын жеткиликтүү, таза энергия менен камсыз кылууну көздөйт. Кичи ГЭСтер айлана-чөйрөгө терс таасиринин аздыгы, кыска мөөнөттө курулушу жана энергияны туруктуу иштеп чыгаруусу менен айрымаланат.

Эскерте кетсек, Анжиян районунда текстиль ишканасы да курулуп, ишке берилген. Ал жердеги жумуш процессинде гуманоид роботтор менен жасалма интеллект пайдаланылып жатат. Ишкана пахта сырёсун тереңдеп кайра иштетүү максатында түзүлгөн.

 

Айылдык маалымат борбору.