Эми кошуна өзбекстандыктар туристтик жаңы долбоорду өнүктүрмөк болуп жатышат. Навои областында туристтер үчүн мурда болуп көрбөгөн жаңы, уникалдуу туристтик зыярат айылдары пайда болмокчу. Бул тууралуу Podrobno.uz интернет басылмасы жазып чыкты.

Бул туристтик айылга келген коноктор жөн гана айылды, анын өзүнө гана таандык колориттүү жашоосун көрүп, айылдыктар менен баарлашып кете беришпейт. Эми алар айылдыктардын жашоосуна аралашып, алардын жашоо-турмушун жон териси менен сезишет. Себеби аларга улуттук боз үйлөрдө жашоо, өнөрканаларда кол өнөр-чеберчилигин сыноо, улуттук тамак-аштарды даярдоо жана жергиликтүү калктын жашоо-турмушу менен жакындан таанышуу сунуш кылынат.
Долбоор айылдык жана этнографиялык туризмди өнүктүрүүгө багытталган. Туристтик айыл аймагында улуттук табиттеги конок үйлөрү, чебер-уздардын өнөрканалары, эс алуу жайлары, этнографиялык экспозициялар жана үй-бүлөлүк эс алуу майданчалары жайгашат. Келген меймандар ат же төө минип, улуттук оюндарга, фольклордук шоуларга жана жергиликтүү кол өнөрчүлөрдүн устат сабактарына да катыша алышат.

Деген менен, мындай үлгүдөгү иштер Канимех районундагы “Янгиказган” туристтик айылында кадимкидей эле жүрүп жатыптыр. Айылдык туризмдин арты менен мындагы 60 үй-бүлө дайымкы киреше менен камсыз болушуптур. Саякатчылар үчүн 20 конок үйү, кол өнөрчүлөрдүн 10 өнөрканасы ачылган. Келгендер улуттук тамак-аштан даам татып гана калбай, өз алдынча тандырга нан жаап, уй же төө саап, кийиз жасаганга, эчкинин же төөнүн жүнүнөн буюм даярдаганга катыша алышат. Бул туристтер үчүн кызыктуу көңүл ачуу болсо, айылдыктарга – кошумча киреше.
Быйылкы жылы “Янгиказганга” 25 миң чет элдик туристтер келиши күтүлүүдө. Баса, туристтерди боз үйлөрдөн түзүлгөн лагерлер кызыктырып жатыптыр: Канимех жана Нурата райондорунун чөлдүү аймактарында дээрлик 900 орундуу тогуз лагерь уюштурулуп, 2026-жыл үчүн лагерлердеги орундар чет өлкөлүк туристтерге алдын ала эле сатылып кеткен…

Жергиликтүү бийликтер ушундай долбоорлор аркылуу Навои областын чет элдик саякатчылар үчүн кызыктуу аймакка айландырууну көздөп жатышат.
Эскертме: Кара-Дарыя айылында ушундай иштерди жасаганга эмне үчүн болбосун?
Айылдык маалымат борбору.