Бүткүл дүйнөдө климаттын өзгөрүшү менен кыйынчылыктар болуп жаткан кезде биздин алакандай Кара-Дарыя айылынын келечектеги акыбалы кандай болот? Бүткүл дүйнөдө кечээ эле көгөрүп турган аймактар саргайган чөлгө айланып, кыртыштан суулар качып, кечээ эле он миңдеген кишилер жашаган жапжашыл айыл-аймактар жашоого мүмкүн болбой калып жаткан кезде биздин кичинекей Кара-Дарыя айылыбыздын келечеги эмнени күтүп турат? Кечээ эле толуп-ташып турган Арал деңизи кургап бүтө жаздап турган мезгилде, Кара-Дарыя айылы да кийинки келечекте көгөрүп, жапжашыл болуп тура береби? Артыбыздан калган урпактардын тагдыры кандай болот? Бүгүн ушул маселе алдыбызда көлдөлөң турганын көпчүлүк туйбай жатканы өкүнүчтүү…

Деген менен, кырдаалдын өзгөрүшү алдыда коркунуч турганынан кабар берүүдө. Мисалы, Сузак райондук сугат тармактар башкармалыгынан Көк-Арт дарыясынан аккан суунун көлөмүнүн акыркы он-он беш жылдагы анализи менен кенен таанышсак, жүрөк түшкүдөй акыбалды көрөбүз. Көрсө, бул дарыядан аккан суунун көлөмү жыл сайын он чакты пайызга азайып, миллиондогон кубометр суудан өксүп жаткан экенбиз. Эгер акыбал ушундай болуп улана берсе, дагы он-он беш жылдын ичинде эле Көк-Арт дарыясынан айыл чарбага зарыл өлчөмдө суу бере турган суунун агышы мүмкүн болбой калат.
Ушундай эле көрүнүш Ош облусунун аймагындагы Жазы, Тар, Кара-Кулжа дарыяларында бар: суусунун жылдык көлөмү азайып баратат. Андан бери Кара-Дарыяга куйбай, Сузак районун аралап аккан суулардын да жылдык көлөмү барган сайын азаюуда. Мунун баары жер жүзү улам ысып, мөңгүлөрдүн тездик менен эрип, азайып баратканынан, жер кыртышынын кургап баратканынан, жер астындагы ийме сууларынын деңгээли да жер кыртышынан алыстап, ылдый түшүп баратканынан кабар берет.

Кара-Дарыя айылы Көк-Арт менен Кара-Дарыя суусунан гана суу ичет. Жогорудагы акыбал көрсөтүп тургандай, дагы он-он беш жылдан соң айыл сугат суусуз калышы толук ыктымал. Ошондо азыркы жапжашыл турган аймак кандай акыбалга учурай турганын элестетип көргүлө. Абдан эле жагымсыз жана үйрөй учурарлык. Демек, сырттан келген суунун жоголушу менен жер астындагы ийме суулар да ылдыйлап, жер астына кетип, абал ого бетер кыйындашы мүмкүн. Анда айылда жашап турган элдин акыбалы кандай болот?
Экологдордун баамында айылды суусуз калуудан сактап калуунун табигый жолу бар: ал – айыл аймагын жапжашыл бак-шактуу, токойлуу өрөөнгө айландыруу. Мисалы, айылдын түндүк тарабындагы адырларды токойлоштуруу, айыл ичинде, ылдыйкы сай жактарды да бактуу өрөөнгө айландыруу. Эгер ошондой болгондо эч болбосо жер астындагы ийме суулар ысыктан качып кетпей, салкын аймакка байырлап, калктын жашоосун улап кеткенге шарт түзүлөт. Илим далилдегендей, суу ысыктан салкынга карай качат, демек, биз айылды кургаган чөл кылбай, жашыл өрөөнгө айлантышыбыз керек. Албетте, буга көп каражаттар керек, көп мээнет керек, айылдыктардын жалгыз күчү жетпейт, өкмөттүн жардамы менен да кыска убакта абалды өзгөртүү кыйын.
Деген менен, ушундай кыжаалат мезгилде айылыбызга жакшы кабар келди. Түштүк Кореянын баш калаасы Сеул шаарында жайгашкан Азиянын токойлорду өнүктүрүү боюнча кызматташтык уюму айылдагы адырларды токойлоштуруу маселеси менен айылга келип кетишти. Алардын максаты адырлардын Базар-Коргон району менен чектешкен белиндеги 1000 гектар аянтты токойго айландыруу экен. Болгону буга айылдын калкынын макулдугу керек. Андан ары алар атайын ири долбоор жасап, каражат салып, адырдын туу белине суу чыгарып, токой өстүрүшөт.

Быйылкы 1-апрель күнү айыл өкмөтүнүн жыйындар залында эл аралык уюмдун өкүлдөрү менен карадарыялыктардын жолгушуусу болду. Адегенде малга жайыт болбой калат экен дегендер кийин абалды түшүнүп, жалпысынан 100 пайыз макулдук беришти. Ошентип, Кара-Дарыянын үстү жагындагы 1000 гектар жер токой болот, адырдын туу белине суу чыккан соң айылдын эли үчүн жалпы токойлоштурууга жол ачылат. Токой ичинде чөп өсүп, малга жайыт да, жалпы аймакка жашыл өрөөн да камсыз болот. Бул деген, айылдын кийинки тагдыры үчүн жакшы саамалык, бурулуш, башталыш болуп калды. Чоң үмүт жанды. Буюрса, айылды жашыл өрөөнгө айландыруу иши жалпы элдик кыймылга айланып кеткиси бардыр.
Эми чоң үмүт Сеулдагы эл аралык уюмга калды. Алар жакшы бир долбоор түзүп, адырдын туу белине суу чыгарып, 1000 гектар аянтка токой өстүрүп, айылдыктарды токойлоштуруу тажрыйбасына каныктырып, табият менен камыр-жумур кылса, айылдын тагдыры, узак жашоосу өз колубузда тиет. Биз аны сактап кала алабыз. Анан да, токойлоштуруу бир-эки жылдык иш эмес экен, бул долбоор ары кетсе 20 жылга созулуп, ал мезгилде айылдыктар акылуу ишке тартылып, социалдык маселелерибиз аз да болсо чечилет сыяктуу. Эң кызыгы, эл аралык уюмдар айылдык мектептер менен байланышта болуп, алардын жер аянтына бак өстүрүү иштерин, балдарга экологиялык тарбия берүү жагын уюштурабыз дешти. Бул абдан сонун нерсе.
А биз айылдыктар эл аралык уюмду күтүп отурбай, ылдый жактагы айыл жерлерин, сай аймактарын бак-шактуу өрөөнгө айландырууну азыртан колго алышыбыз керек. Аны үчүн биринчи кезекте жаштардын демилгеси, аракети, уюштуруучулугу орундуу болчудай. Ошентип, жалпы элдик кыймыл уланып кетер деген үмүт…
Айылдык маалымат борбору.