Кара-Дарыя айыл өкмөтү айыл аймагындагы “Көпөлөк” балдар бакчасынын утурумдук маанилүү оңдоп-түзөө иштерине жардам берди. Эми бакчада балдардын болуусуна жана бакчада иштегендерге жакшы шарттар түзүлүп калды. Бул тууралуу балдар бакчасынын башчысы Фарида Саматова билдирди.
-Биздин балдар бакчабыз кийинки кездерде сырткы косметикалык жаңыртуу иштерине, полдордун жаңыланышына, чоңдор үчүн жаңы ажатканага муктаж эле. Биз жайкы мезгилде ушул кем-карчыбызды бүтүрүп алуу үчүн мурдатан эле жардам сурап айыл өкмөтүнө кайрылганбыз. Айыл өкмөтүндөгүлөр, депутаттар бизди колдоого алышып, жергиликтүү бюджеттен 340 миң сом каражат бөлүп беришти. Ошентип, оңдоп-түзөө иштерин да бүтүрүп алдык. Бакчабыздын имаратынын ичи-тышы жаңырып, полдору жаңыдан орнотулуп, ажатакана да ишке берилди. Буюрса, быйылкы муктаждыктарыбыз чечилип калды, — дейт балдар бакчасынын башчысы Ф. Саматова.

Бул балдар бакчасы айыл аймагынын борборунан орун алган. Айланасы бак-шактуу, балдарды карап, аларга керектүү шарттарды түзүп берүүгө ыңгайлуу жайда. Алынган маалыматтарга караганда, азыркы кезде балдар бакчасында 9 тайпада 215 бала тарбияланып, жалпысынан бакчанын 34 персоналы иштеп жатышат. Анын ичинен 11 тарбиячы, 9 жардамчы тарбиячылар бар.

Айыл өкмөтүнөн алынган маалыматка караганда, айыл аймагында 7 балдар бакчасы бар. Балдар бакчаларында жалпысынан 869 бала тарбияланып жатса, анда иштегендер саны 98 кишини түзөт. Деген менен, балдар бакчаларынын да муктаждыктары жок эмес экен, учурда айыл өкмөтү ошол маселелерди чечүү менен убара.
-Негизинен биздеги балдар бакчаларынын материалдык базасы дурус эле, керектүү эмеректер жана зарыл нерселер менен камсыз кылынган. Аларды ар тараптуу камсыз кылганга аракет кылып келебиз. Бирок, айрым балдар бакчаларыбыздын имараттары типтүү болбой, аларды жаңыдан курууга туура келип жатат. Мисалы, азыркы учурда Дөш айылындагы “Үмүт” балдар бакчасынын жаңы имараты курулууда. Ага республикалык бюджеттен каражат бөлүнгөн, быйылкы жылдын акырында пайдаланууга берилет. Ошондой эле айыл тургундарынан дагы бир балдар бакчасчын куруп бергиле деген арыз түшкөн. Кийинки жылдары ал өтүнүчтү ишке ашыруу үчүн камылга көрүп жатабыз – дейт айыл өкмөтүнүн башчысы Талантбек Бобошев.
Айылдык маалымат борбору.