Билим берүү

АЙЫЛ ӨКМӨТ ТЕСТТИН ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮН СЫЙЛАДЫ

Кара-Дарыя айылы үчүн дагы бир кубанычтуу окуя болду – айылдагы мектептердин бүтүрүүчү класстарынын окуучулары республикалык тестте өз билимдерин сынап, анын ичинен 16 окуучу 150 упайдан ашык балл топтошту. Айыл өкмөтүнүн билдиришинче, бул айылдагы мектеп окуучулары арасында көп жылдардан бери боло элек жетишкендик эсептелет. Мурда саналуу гана окуучулар жогорку упайларга жетишип келишсе, быйыл алардын саны алда канча көп болду.

 

Бул ийгиликти атайын белгилеп, Кара-Дарыя айыл өкмөтү жана депутаттардын айылдык кеңеши жогорку упайларды топтогон, өз айылынын жана мектебинин атын сыртка даңазалап чыгарган окуучуларга сыйлыктарды тапшырды. Айыл өкмөтүнүн жыйналыштар залында айыл өкмөтүнүн жана айылдык кеңештин, аялдар кеңешинин жетекчилери, депутаттар, билим берүүдө эмгеги сиңген айыл аксакалдары, мектеп директорлору менен мугалимдер, жогорку упай алган окуучулар чогулушту.

 

Жыйналышты Кара-Дарыя айыл өкмөтүнүн башчысы Талантбек Бобошев ачып, айылдык мектептердин окуучуларынын быйылкы тесттик жеңиши менен жалпыны куттуктады. Мындай жетишкендик айылдын соңку тарыхында биринчи жолу болуп жатканын баса белгиледи жана мындан ары да ушундай ийгиликтердин жарала беришин каалап кетти. Ошондой эле мектеп директорлоруна жана мугалимдерине окуучуларга жакшы таалим-тарбия бергени үчүн ыраазылык билдирип, окуучуларга жакшы каалоолорун ыроолоду.

 

Ушундай жакшы каалоолорду депутаттардын айылдык кеңешинин төрагасы Уланбек Абдыгапаров, ардагер мугалимдер, мектеп директорлору айтышып, өз сөздөрүндө мектеп окуучуларынын ийгилиги жалпы айылдын ийгилиги болуп саналарын баса көрсөтүштү. Айылдык кеңештин төрагасы У. Абдыгапаров депутаттардын демилгеси менен тестке катышып, жогорку упайга ээ болгон окуучуларды акчалай жана баалуу сыйлыктар менен сыйлоо, аларга жана башка да окуучуларга омоктуу шык берүү максатында көңүл буруу жагы каралганын айтты. Ошондой эле ийгилик жараткан мектеп окуучуларына бериле турган акчалай сыйлыктардын көлөмүн 40-50 миң сомго чейин көбөйтүү маселеси кара турганын билдирди.

 

Жыйналыш учурунда айыл муниципалитетинин жетекчилери ийгиликке жетишкен окуучуларга көпчүлүктүн кол чабуулары астында айыл өкмөтүнүн, айылдык кеңештин Ыраазылык баракчаларын тапшырышты. Ошондой эле айылдык кеңештин депутаты Хажиматов Мавлянбек өз каражаттарынын эсебинен Маткаримов атындагы орто мектептин мыкты окуучусу менен мугалимине акчалай белектерин берди. Айыл муниципалитетинин жетекчилеринин мындай көңүл буруусуна мектеп директорлору менен мугалимдер ыраазылыктарын билдиришти.

 

Тестте жогорку упай алган мектеп окуучулары төмөнкүлөр болушту:

Камалов Курмангазы, Ак-Сай орто мектебинен, 201 упай.

Жолдошматов Эрмек, Чаңгыр-Таш орто мектебинен, 187 упай.

Жаркынбаева Өмүркан, К. Сартбаев атындагы орто мектептен, 182  упай.

Каримжанова Сайкал, А. Абдукаимов атындагы орто мектебинен, 180 упай.

Махаматалиева Айзада, А. Караев атындагы орто мектебинен, 180 упай.

Абдикаримова Акылай, А. Абдукаимов атындагы орто мектептен, 177 упай.

Калбаев Бекзат, А. Абдукаимов атындагы орто мектептен, 174 упай.

Нурпазылова Камила, Чаңгыр-Таш орто мектебинен, 167 упай.

Асанова Мээржан, А. Абдукаимов атындагы орто мектептен, 165 упай.

Үсөнов Раатбек, А. Абдукаимов атындагы орто мектептен, 161 упай.

Исмойилова Асема, Чаңгыр-Таш орто мектебинен, 161 упай.

Камчыбекова Гүлзина, Чаңгыр-Таш орто мектебинен, 158 упай.

Абдуллаева Нурила, К. Сартбаев атындагы орто мектебинен, 157 упай.

Алиакбарова Арууке, А. Абдукаимов атындагы орто мектебинен, 154 упай.

Шамшиева Асель, А. Абдукаимов атындагы орто мектебинен, 150 упай.

Хамидиллаева Акылкарачач, М. Маткаримов атындагы орто мектебинен, 150 упай.

Эскерте кете турган нерсе, тесттик сынактардан А. Абдукаимов атындагы орто мектебинин окуучулары көбүрөөк ийгиликтерге жетишишти. Бул мектептин 7 окуучусу 150дөн ашык упайга жетишишип, ийгиликке жеткен окуучулар саны боюнча алдыга чыгышты.

Жыйналыштын аягында айыл өкмөтүнүн башчысы Т. Бобошев ийгилик жараткан окуучулар менен мугалимдерди дагы бир жолу куттуктап, жаңы окуу жылынан баштап мектептерге көбүрөөк көңүл бурула турганын, Жалал-Абад мамлекеттик университети менен биргеликте окуучулардын ар тараптуу өнүгүүсүн камсыз кылган долбоорлорду ишке ашырууга аракеттер болуп жатканын билдирди.

 

Айылдык маалымат борбору.