Жаңылыктар

ДӨШ АЙЫЛЫ: ЖОЛГО БИРИНЧИ ЖОЛУ АСФАЛЬТ БАСЫЛУУДА

Өлкө эгемендик алгандан бери Кара-Дарыя айыл аймагындагы батыштан чыгышты көздөй узатасынан кеткен адырдын түбүндө жайгашкан Дөш айылынын негизги жолуна асфальт басылууда. Жол курулуш долбоорунун аткаруучуларынын билдиришинче, жолдун оңдоп-түзөө, кеңейтүү жана асфальт басуу иштери жыл аягына чейин толук бүткөрүлөт. 

Дөш айылынын жолу тээ илгерки союз мезгилинен бери көңүл бурулбай, айыл тургундарынын жашоо-шартына кыйынчылык түзүп келген болчу. Жолдун начарлыгынан жүргүнчү ташуучу унаалар да негизинен Дөш айылына жарыша жайгашкан ылдыйкы Арал айылы аркылуу каттап, Дөш айылынын тургундары дайыма ыңгайсыздыктын запкысын тартып келишкен. Эми буюрса баары жакшы жагына өзгөргөнү турат.

Учурда аралыгы Дөш жолунун Нефтпромдон Үч-Көчө участкасына чейинки 7 чакырым 200 метр келген тилкесинде жыл башынан бери эле оңдоп-түзөө иштери жүрүүдө. Бул долбоор республикалык бюджеттен каржыланып, Кыргыз Республикасынын Унаа жана коммуникациялар министрлигини караштуу “Автожол-Түштүк” мамлекеттик ишканасы тарабынан жүргүзүлүп келет. Тендерден утуп алган “МКА” жоопкерчилиги чектелген коому долбоордук иштерди аткарып жатат.

Эскерте кетсек, Дөш жолун оңдоп-түзөө долбоорунун наркы подряддык уюмдун өкүлдөрү билдиргендей 230 миллион сомду түзөт.

Долбоорду аткаруучу ишкананын өкүлдөрүнүн билдиришинче, учурда жолдун 4 чакырымдан ашыгына долбоордук тапшырмага ылайык бир катмар асфальт жаткырылды. Калган бөлүгүнө асфальт жаткыруу иштери улантылууда. Жол курулуш участкасынын башчысы Капар Алибековдун айтымында, иштин тездигине аба-ырайынын жана сел жүрүү факторунун таасири да болбой койгон жок.

-Быйыл жаан-чачындуу болгондуктан, төрт жолу сел жүрүү катталды. Андан калса, жаан убагында түшкөн суулар, жаан да ишке тоскоолдук жасап жатты. Бирок, ошого карабастан ишти тездетүү, курулуш иштерине ылайык мезгилде долбоордук иштери аткарып үлгүрүү үчүн аракет жасалды. Буюрса, бардык иштер өз убагында аткарылат деген ойдобуз, — дейт ал.

Азырга чейин жолдун негизи 10-12 метрге чейин кеңейтилди. Ал эми басылган асфальттын кеңдиги 7 метрди түзөт. Жол курулуш иштери толугу менен аяктаган соң, Дөш айылынын тургундарынын жашоо шарты жеңилдеп, унаа каттамы жакшырат жана бул тургундардын социалдык абалына да оң таасир берет деген үмүт бар.

Адырдын түбүндө жайгашкан жолду оңдоп-түзөтүүнүн да машакаттары аз эмес экен. Иш жөн гана жолду кеңейтип, асфальт басып коюу менен чектелбейт. Асфальттоо иши бүткөн соң, кеминде 8 жерге 30 метрлик сел өтмө бетон жабдууларын жасоо, 4 жерге диаметри 1000 миллиметрлик, кеңдиги 12 метр келген бетон куурларын куруу, жалпысынан дагы 12 жерге 530 диаметрдеги 12 метрлик темир куурларды жаткыруу иштери турат. Мунун баарын адырдан түшкөн сел жана жаан сууларынын жолго тийгизүүчү кесепеттерин азайтуу же болтурбоо, жолдун узак мөөнөттүү пайдаланылышын камсыз кылуу үчүн жасалмакчы. Эң акырында бүткөн жолго тийиштүү чийимдерди жасап, жолду расмий ишке беришет.

 

Айылдык маалымат борбору.