Жаңылыктар

ЖАШТАР ҮЧҮН ЖАҢЫ ДЕМИЛГЕ. КОЛДОО КЕРЕК

Кара-Дарыя айыл аймагында жаңы бир саамалык, кубантарлык демилге пайда болду. Сузак райондук спорт мектебинин машыктыруучусу, Кара-Дарыя айылынын кулуну Талант Миңбаев көп жылдардан бери пайдаланууга жараксыз, иретсиз жаткан илгерки колхоз клубунун имаратында оңдоп-түзөө иштерин баштады.

Анын өзүнүн айтымында, бул демилгенин максаты – айыл жаштарын спортко болгон кызыгуусун, шыгын, жөндөмүн арттыруу. Ошонун аркасында жаштарды терс жолго түшүп кетүүдөн, жаман көрүнүштөрдөн оолак болууга шарт түзүү. Алардын дене тарбиясына көңүл буруп, жалпы айылда спорттун массалуулугун көтөрүү эсептелет.

-Өзүңүздөргө маалым, айылыбызда бир мектептин имараты жаңыдан курулуп жатат, ал эми эки чоң орто мектептердин имараттары капиталдык реконструкциялоодон өтүп жатат. Бул жакшы нерсе, буюрса балдарыбыз жаңы мектепте, жаңы имараттарда жакшы шарттарда окуп калышат. Ошол эле кезде окуучулар дээрлик күн сайын пайдаланып жатышкан мектептердин спорт залдарынан убактынча пайдалана алышпай калды. Бул өксүктү толтуруу же жаштарды спорт залы менен камсыз кылуу үчүн айылдык маданият үйүнүн эски имаратындагы залды оңдоп-түзөп, волейбол боюнча машыктырууларды уюштуралы деп жатабыз, — дейт ал.

Азыркы тапта клубдун залынын тактай полдорунун айрым жерлерин оңдоп-жамап, дубалдарынын айрым жерлерин көчүрүп, шыбап, анан актоо иштерине даярдык жүрүп жатат. Ошол эле кезде залды электр жарыгы менен камсыз кылуу иштери да колго алынган. Кыскасы, волейболго машыктыруу, мелдештерди өткөрүүгө зарыл болгон зарыл базалык шарттар түзүлмөкчү. Айылда жаштар буга чейин эле ар кайсы волейболдук командаларды уюштуруп, өз ара мелдештерге катышып келишет. Спорттун бул түрү жаштар арасында кыйла жайылтылып калды. Эми зал ишке берип алган соң, ар кандай мелдештерди өткөрүп турууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Оңдоп-түзөө иштерине кеткен чыгымдарды ким каржылап жатат? Бул суроого Т. Миңбаев төмөнкүдөй жооп узатты:

-Каражат менен камсыз кылуу жагын демилгечи катары мен өзүм моюнума алдым. Азыркы учурда майда-барат иштерди уюштурууга дос-тааныштар, коллегаларым, спортко кызыккан айрым атуулдар жардам берип жатышат. Спорттук инвентарларды, айрым зарыл буюмдарды алып берүүгө да жардам бере тургандыгын билдиргендер бар. Буюрса, кыйналбай эле бүтүрүп алабыз деп ойлойм. Албетте, бул ирет косметикалык оңдоп-түзөө жасап турабыз.

Айыл өкмөтүнүн жетекчилиги бул иште окуучулардын гана эмес, жалпы жаштардын да муктаждыгы, кызыкчылыгы барлыгын тастыкташты.

-Бизге Т. Миңбаев ушундай демилге, сунуш менен кайрылды. Албетте, үч мектептин курулуш, ондоп-түзөө иштери жүрүп жатктандыктан, спорт залга окуучулардын, жалпы эле жаштардын муктаждыгы жаралган. Биз убактынча пайдаланып турууга уруксат бердик. Мындай көпчүлүктүн кызыкчылыгы үчүн пайда болгон жакшы демилгелерди дайыма колдоого даярбыз, — дейт айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Замирбек Егембердиев.

Эскерте кетсек, айылдагы маданият үйүнүн эски имаратынын курулушу Фрунзе атындагы колхоз болуп турганда республикалык бюджеттен каржыланып, 1979-жылы башталган жана 1981-жылы ишке берилген. Кара-Дарыя айыл өкмөтүнүн жетекчилигинин берген маалыматы боюнча, келечекте бул эски имаратты толугу менен кайрадан капиталдык оңдоп-түзөө жагы пландалууда жана ир алды даярдык иштери башталууда.

Албетте, окуучулардын, жаштардын муктаждыгы, кызыкчылыгы бир эле Талант Миңбаевге керек эмес. Эми айылдан аны колдоочулар, жардамчылар чыгышабы же жокпу? Кеп ошондо. 

 

Айылдык маалымат борбору.