Коом

ИМАМДЫН ЖАЗГАН КИТЕБИ ЭКИНЧИ ЖОЛУ ЧЫКТЫ

Ушул жылдын июнь айында Сузак районунун Орто-Азия айылындагы “Арстанали ажы” мечитинин имамы-хатиби Абибулла ажы Бапановдун “Түрк элинин тарыхынан кыскача баяндар” аттуу китеби Жалал-Абад шаарындагы жеке менчик басмадан жарык көрүп, окурмандардын колуна жетти. Бул китептин экинчи жолку басылышы болуп саналат, биринчи жолу 2017-жылы жарык көрүп, окурмандардын жандуу кызыгуусун пайда кылган. 

Бул 16,5 басма табак көлөмдөн, 264 беттен турган китептин биринчи басылышынын баш сөзүн ошол кездеги Жалал-Абад облусунун мусулмандар казысы, азыркы Кыргызстандын мусулмандарынын дин башкармалыгынын муфтийи Абдулазиз каары Закиров жазып берген болчу. Автор китептин экинчи жолу басылышына окурмандардын суроо-талаптары, суранычтары себеп болгонун белгилейт.

Китепте автордун 75 аталыштагы баян-тексттери берилип, анда негизинен түрк элинин дүйнөлүк тарыхта калтырган бараандуу изи, Ислам дүйнөсү жана баалуулуктары, Борбордук Азия чөлкөмүндөгү Ислам динин таркатуучулар, Сузак районунда дин таркатуу жаатында эмгек сиңирген диниятчылар, тарыхый мартабалуу инсандардын өмүр баяндары жана эмгектери тууралуу кыскача, бирок азыркы жаштар, деги эле коомчулук, дин тууралуу маалымат алгысы келгендер үчүн маанилүү, кызыктуу, мурда маалымат мейкиндигинде аз учураган маалыматтар берилген. Баса, китептин бул экинчи басылышында Кавказ чөлкөмүндөгү элдерге байланышкан маалыматтар кошумчаланган.  Тексттерге ылайык тарыхый сүрөттөр да жайгаштырылган.

Китептин азыркы учурдагы өзгөчө баалуулугу азыркы маалыматтар бороону күчөп, башты айландырып турган мезгилде мектеп партасында, жогорку же атайын окуу жайларында, башка да жайларда окутулбаган, айтылбаган, түшүндүрүлбөгөн, көбүнесе көңүлдүн сыртында калып, кеңири жайылтылбаган, бирок өз аң-сезимин, рухий дүйнөсүн байыткысы келген ар бир мусулман атуулу билип коюшу керек болгон маалыматтарга бай экенинде.

Деген менен, бул китеп айрыкча жаштардын кеңири маалыматтуу, рухий дүйнөсү бай болуп, тарыхый баалуулуктар менен азыркы дүйнөнү салыштыра алган аң-сезимдүү алдыңкы жаштардан болушуна өзүнүн азыноолак болсо да салымын кошо алат. Эң башкысы, башка булактардан табыш кыйын болгон, тарыхый орчундуу окуялар, фактылар жана инсандар тууралуу сейрек маалыматтар кыргыз тилинде жатык, түшүнүктүү, жеңил жазылып, ар кандай деңгээлдеги окурмандар үчүн ыңгайлуу окулат. Кыскача айтканда, окурман көптөгөн-көптөгөн башка китептерден, журналдардан, ар кайсы маалымат булактарынан таап, билиши керек болгон маалыматтарды ушул бир китептен эле таап, окуй алат.

Албетте, китеп дайыма баалуу, ар бир адам үчүн, айрыкча келечек муундар үчүн маанилүү нерсе. Ал эми ошол китепти жазып, ага каражат таап, басмадан чыгарып, окурмандын колуна жеткирген автор биз үчүн ого бетер маанилүү. Бул жагынан алганда Абибулла ажы Бапанов Сузак районундагы эле эмес, Жалал-Абад облусундагы да ар тараптуу билимдүү, кеңири маалыматтуу, жаштардын ар тараптуу билимдүү болушуна кызыккан заманбап имамдардын сап башында турат. Ал буга чейин бир нече ар кайсы аталыштагы китептерин жазып, басмадан чыгарган. Жашынан Бухара медресесинде билим алып, Сузак районунун имамынын орун басары, медреседе мударис, мечит имамы, Жалал-Абад облусунун мусулмандарынын казысы болуп иштеген. Учурда Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармасынын аалымдар кеңешинин мүчөсү эсептелет.

 

Айылдык маалымат борбору.