Кара-Дарыя айылынан чыккан бир катар чыгаан кишилер мүлдө Кыргызстанга аты тарап, жердештеринин сыймыгы болуп келишкен. Алардын арасында эмгек каармандары, балбандар, жетекчилер бар. Алар тууралуу айылдыктар алдыз-көптүр билишет. Бирок, тилекке каршы, айрым чыгаандар тууралуу билгенден билбегендер көп экен…
Эмки биздин максаттарыбыздын бири – айылдыктар анча кызыкпаган, бирок баскан жолу, эмгеги, ийгилиги менен башкаларга үлгү болгон инсандарды элге тааныштыруу. Бул багытта ир алды Кара-Дарыядан чыккан биринчи чыгаан окумуштуу, сыймыктуу инсан тууралуу жердешибиз, психология илимдеринин кандидаты, доцент, таанымал коомдук ишмер, жаштардын устаты Мурзаев Маматали Султановичтин эскерүү-макаласын сунуш кылабыз
* * *
Илимий баштоочулардын бири болду
Ош пединститутунда (азыркы Ош мамлекеттик университетинде) өмүр бою маңдай тер төгүп иштеп, жаш муундарга таалим-тарбия берген, окуу жайдын кадыр-баркынын өсүшүнө өз салымын кошкон педагогдордун бири Талип Ормоновдун ишмердигине токтоло кетели.
Талип Ормонов Ош пединститутунун чет тилдер факультетин бүтүрүп, мектепте эки жыл иштегенден кийин институтта педагогика кафедрасына ишке алынат. Институтта окутуучу болуп эмгектенүү менен бирге илим жолуна түшөт. Ал учурда илимий ишти аткаруу, диссертация коргоо өтө оор болчу. Анткени талап жогору эле жана бүт илимдин баарын Москва көзөмөлгө алчу.

Т. Ормонов көрүнүктүү этнопедагог Г.Н. Волков менен кат аркылуу байланышып, анын “келип аспирантурага оку” деген кеңешинен кийин Фрунзе шаарында аспирантурада окуп, илимий иштин үстүнөн эмгектенди. Илимий командировка менен Москвага барып, Г.Н. Волковдун жетекчилигинде «Педагогические воззрения древных киргизов. Эпос «Манас» деген темада өзүнүн кандидаттык диссертациясын коргоп, кыргыздардан чыккан алгачкы этнопедагог болду.
Илимий иши жогору баага татыды. Ал илимпоз катары педагогика кафедрасынын түптөлүшүнө, кыргыз элдик педагогикасынын изилденишине жана кыргыз этнопедагогдорунун калыптанышына өзгөчө чоң салым кошту.
Талип Ормонов жөнүндө сөз болгондо аны күчтүү илимпоз, күчтүү педагог катары баа беришет. Ал кыргыз этнопедагогикасынын баштоочусу катары тарыхта калды. Өзүнүн артынан өтө көп шакирттерди калтырды десек туура болот. Ал Г.Н. Волковдун илимий мектебине кирип, көптөгөн кыргыз педагогдорун аны менен байланыштырып, алардын илимдин кандидаты болушуна, жалпы эле кыргыз этнопедагогикасынын өнүгүшүнө, Г.Н. Волковдун кыргыз этнопедагогика илимий мектебинин түзүлүшүнө өз салымын кошкон. Анткени Т. Ормоновдун таасиринен кийинчерээк Ж. Бешимов, Б. Апышев, А. Алимбеков жана азыр ОшМУда иштеп жүргөн бүт этнопедагогдордун изилдөөлөрү Г.Н. Волковдун жетекчилигинде аткарылган.
Анын татыктуу эмгектери азыркыларга үлгү
Т. Ормонов көптөгөн илимий эмгектерди жазган. Алардын айрымдары «Семья и школа» (Мудрые заповеди народа // Семья и школа. 1977. №11;), «Советская педагогика» (Педагогическая пансофия киргизского народа// Советская педагогика. 1978. №1, с. 128-134.) аттуу абройлуу журналдарга басылган. Ал макалаларында кыргыз эли балдарды кантип жоокерчиликке, эли-жерин коргоого тарбиялагандыгы, калк тарбиясынын башкы багыты «Манас» эпосунан башталарын ачып көрсөткөн. Азыркы күнгө чейин Москвадан басылып чыкчу «Педагогика» илимий журналга Т. Ормоновдон башка 40 жылдан ашуун эч бир кыргыз окумуштуусунун илимий макаласы басылган эмес. Азыр эми гана «Педагогика» журналы катардагы журналдын бири болуп калган учурда кыргыз педагогдорунун макалалары жарык көрө баштады.

Макалаларынын эң кадыр-барктуу журналдарга басылышынан эле Талип Ормоновдун илимий деңгээли канчалык бийик экендиги даана байкалат.
Т. Ормоновдун көзү өтсө да, сөзү, иши өлбөй авторефераттарда, диссертацияларда аты аталып келет.
Абдан сыпайы киши эле
Т. Ормонов өтө жөнөкөй, жупуну, жоопкерчилик сезими өтө жогору болгон инсан, өз кесибин өтө сүйгөн, ишке жоопкерчиликтүү мамиле жасаган, чыныгы интелигент жана нагыз педагог эле. Ишти тыкыр, майын чыгара аткаруу анын адаты болчу. Кишиге этият мамиле жасачу. Жалган сүйлөгөн, начар иштеген кишилерден өзүн оолак кармоого умтулчу.
Ал жүрүм-турум маданияты бийик инсан эле. Ошондон жашы улуу, кичүү дебей окутуучулардын баарына сыпаалык менен «Сиз» деп кайрылчу, сүйлөшчү. Көрсө, өз жүрүм-турум адеби менен биз жаштарды бийик маданиятка үйрөтчү экен.

Университетте иштеген кадыр-барктуу агайлар жаштар жөнүндө сөз козгоп калганда Т. Ормонов Акматалы Алимбеков деген жаш жигитти ишке алганын, андай табиятынан педагог болгон жаштарды табуу кыйындыгын, андан келечекте күчтүү педагог, жакшы окумуштуу чыгарына ишенерин айтып калчу. Жана да аны ишке алганына корстон болуп, сыймыктанып жүрчү. Агайынын ишеничи акталып, А. Алимбеков бүгүн педагогика илимидеринин доктору, профессор жана Кыргызстандагы эң күчтүү педагогдордун бири.
Т. Ормонов илим, иш деп жүрүп кечирээк үй-бүлө күттү. Ал Калыгулдун «Жаман катын алгыча, Бойдок жүргүн өлгүчө» деген накыл сөзүн туу тутуп жүрүп, Гүлнара жеңеге жолукканча үй-бүлө күткөн эмес. Ал өмүрлүк жары Гүлнара жеңеден Азамат, Манас аттуу уулдарды тапты. Т. Ормонов ооруп төшөктө жатып калганда, Гүлнара жеңебиз Талип акени бапестеп, аябай жакшы карагандыгын баса белгилей кетүү калыстык болот.
Балдары ата изин улап келишет
Азыркы күндө уулдары үйлүү-жайлуу болушуп, ата-бабаларынын тукумун улап келе жатышат.Тун уулу Азамат бизнес чөйрөсүндө иштейт.
Т. Ормонов футболдун күйөрманы эле. Футболдон сөз болсо эле аябай эргип сүйлөп берер эле. Генден болсо керек, экинчи уулу Манас футболго кызыгып, бир топ жыл ар кайсы командаларда ойноп жүрдү. Азыр чет өлкөдө иштейт.

Биз Кара-Дарыя айылынын тургундары айылыбыздан ушундай бийик деңгээлдеги окумуштуу чыкканын, ал улуттук этнопедагогика илиминин башатында турганын, артында кыргыз илимине зор эмгек сиңирип, салым кошкон окумуштууларды тарбиялаганын билишибиз керек. Мындай сыймыктуу уулу менен Кара-Дарыя аймагы сыймыктанып, жаштар дайыма ушундай өрнөктүү кишилерден үлгү алуулары зарыл.
Маматали МУРЗАЕВ,
психология илимдеринин кандидаты,
доцент, коомдук ишмер.