Билим берүү

КАРА-ДАРЫЯНЫН МЕКТЕПТЕРИ УНИВЕРСИТЕТ МЕНЕН КЫЗМАТТАШАТ

Эми Кара-Дарыя айылындагы мектептер айылдагы келечек муундардын билимин өстүрүү, заман талабына жараша инсандык жалпы өнүгүүсүн камсыз кылуу багытында Бекмамат Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети менен тыгыз кызматташышат. Бул тууралуу Кара-Дарыя айыл өкмөтүнөн билдиришти.

Мектептерде жаңы окуу жылынын башталышынын жакындай баштаганын эске алуу менен айыл өкмөтү Жалал-Абад мамлекеттик университетинин ректоратына айылдагы алты орто мектепти шефке алуу жана бир катар предметтер жана окуучулардын жалпы инсандык өнүгүүсүн жогорулатуу багыттары боюнча өнөктөш катары кызматташуу идеясын сунуш кылды.

Бүгүн Кара-Дарыя айыл өкмөтүнүн башчысы Талантбек Бобошев Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин ректору, техника илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз Республикасынын илим жана техника жаатындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты Усенов Кеңешбек Жумабекович менен жолугуп, жогоркудай сунуш менен кайрылды.

Ректор К. Усенов Кара-Дарыя айыл өкмөтүнүн өз ара кызматташуу тууралуу сунушун жылуу кабыл алды жана университет менен мектептердин ортосундагы окуучулардын билимин өстүрүү, жалпы инсандык жактан өнүктүрүү жаатында өнөктөштүк аракети республиканын саясий жетекчилигинин билим берүү жана илим тармагынын алдына коюп жаткан маанилүү талаптарына, университеттин да кызыкчылыктарына жооп берерлигин билдирди. Ошондой эле азыркы учурдагы илимий-технологиялык өзгөрүүлөрдүн тездеп жаткан учурунда айылдык келечек муундарды ар тараптуу колдоо жана аларга жардам берүү негизги багыт болуп калуу керектигин кошумчалады.

Кара-Дарыя айыл өкмөтүнүн башчысы өз ара кызматташуу тууралуу иштеп чыгышкан концепциянын долбоорун ректорго тааныштырып, өз ара талкуулоо болду. Ал документте университет айылдык мектептерге математика, англис тили, маалыматтык технологиялар, инсандык өнүктүрүү багыттары боюнча жардам көрсөтүшүн зарылдыктары белгиленген болчу. Ректор өз кезегинде бул багыттарга кошумча дагы бир катар багыттар боюнча иштешүүгө даяр экендиктерин билдирди жана өз ара кызматташуунун жүрүшүндө мектептердин дагы кандай муктаждыктары барлыгы билинерин айтты.

Ошентип, университеттин тийиштүү адистери айыл өкмөтүнүн сунуштарын жана сунуш кылган концепция долбоорун үйрөнүп, мектеп директорлору менен өз ара кошумча талдап чыгышып, жаңы окуу жылынан баштап өз ара кызматташууну баштай турган болушту. Бул айылдык мектептерде билим берүү процессинин дагы да жанданышына жана жакшырышына, окуучулардын билим деңгээлинин жогорулашына оң таасирин бермекчи.

-Биздин максатыбыз – мугалимдерибизге жана окуучуларыбызга жардам берүү, Кара-Дарыя айыл аймагында билим берүү багытында оң өзгөрүүлөргө негиз түзүү, жаштардын ишенимдүү келечегине активдүү кол-кабыш кылуу. Биз сунушубузду түшүнүү жана колдоо менен кабыл алганы үчүн Жалал-Абад мамлекеттик университетинин ректору Кеңешбек Жумабековичке терең ыраазылык билдиребиз. Буюрса, айылыбызда билим берүү жаатында жакшы жылыштар күтүлөт, — дейт Талантбек Бобошев.

 

Айылдык маалымат борбору.