Билим берүү

КАРА-ДАРЫЯ АЙЫЛЫ ДАГЫ БИР ЗАМАНБАП МЕКТЕПКЕ ЭЭ БОЛОТ

Кара-Дарыя айыл аймагында быйыл жаңы, заманбап жана типтүү салынган орто мектеп ишке берилет. Карим ажы Сартбаев атындагы орто мектептин имаратынын курулуш иштери учурда кызуу жүрүп жатат. Курулушу бүтсө, ал айыл аймагындагы эң заманбап мектеп болуп калат. Бул тууралуу айыл өкмөтүнөн билдиришти. 

Бул мектептин долбоорлоо-сметалык документтери Кара-Дарыя айыл өкмөтү тарабынан даярдалган. Ал эми мектептин имаратынын курулуш долбоорун “Пирамида” жоопкерчилиги чектелген коому ишке ашырган. Курулуштун буютрмачысы Жалал-Абад областтык капиталдык курулуш башкармалыгы болсо, подряддык курулуш иштерин “Кыргыз Ордосу” жоопкерчилиги чектелген коому жүргүзүп жатат. Курулуш толугу менен республикалык бюджеттен каржыланууда. Мектептин 275 орундуу имаратынын курулушунун жалпы долбоордук-сметалык наркы 163 миллион 502 миң 900 сом болсо, тендердик наркы 156 миллион 188 миң 17 сомго бааланган. Мектептин аянты жалпысынан 2944,2 чарчы метрди түзсө, пайдалуу аянты 820 чарчы метрди түзөт.

Айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Замир Егембердиевдин айтымында, айылдын батыш тарабында илгерки союз мезгилинен бери Свердлов атындагы сегиз жылдык мектеп жаштарга билим берип келген. Кийин, 1998-жылы 7-июндагы катуу нөшөрдөн улам адырдан кыян-сел жүрүп, мектеп жараксыз абалган кептелген. Республикалык бийликтердин жардамы менен ошол эле жылы орто мектептин имараты курулуп тапшырылган. Бирок ал типтүү салынган имарат эмес, шашылыш курулган, ыңгайлаштырылган имарат болчу. Андан бери окуучулардын саны жылдан-жылга өсүп, мектептин жаңы имаратына болгон зарылдык күчөп кетти. Мугалимдер жамааты, ата-энелер жаңы имаратты куруу сунушун бир катар жылдардан бери көтөрүп келишкен. Ошентип, курулуш иштери башталды.

Мектеп долбоордук документтерге ылайык 2 кабаттан жана төрт блоктон турат. Азыркы убакка чейин подряддык курулуш ишканасынын аткарган ишинин көлөмү 9 миллион 593 миң 37 сомдон ашты. Демек, курулуш иштеринин жарымынан көбү аткарылган. Башкача айтканда, мектептин окуу корпусунун, спорт залынын чатыры толук жабылып, ажатканалары, өрткө каршы резервуары, отканасынын имараты толугу менен бүткөрүлдү. Азыркы тапта мектептин сырткы жана ички жасалга иштери, жылытуу системасын, таза саркынды суу түтүктөрүн тартуу сыяктуу иштер жүргүзүлүүдө.

-Бул мектептин имараты азыркы замандын талабына толук жооп берген типтүү имарат болуп курулууда. Биздин айыл аймагындагы бардык тарабынан заманга шайкеш келген жаңы мектеп болуп калат. Албетте, бул биринчи кезекте келечек жаш муундарыбыздын жакшы билим, татыктуу тарбия алышы, мугалимдерибиздин жакшы шарттарда иш алып барышы үчүн абдан маанилүү. Айыл өкмөтү да, ата-энелер да бизге колдоо көрсөтүп жаткан өлкө жетекчилигине чоң ыраазылык билдиребиз. Бирок, билим берүү тармагындагы биздин көйгөйлөр ушуну менен эле бүтүп калбайт, күн өткөн сайын улам башка, жаңы муктаждыктар келип чыга берет экен. Канткен күндө да биз айылдын бардык жактан өнүгүшү, бардык шарттардын жаралышы үчүн аракет кыла аберебиз, — дейт Замир Егембердиев.

Мектептин курулушу быйыл бүткөрүлүп, мугалимдер менен мектеп окуучулары жаңы, заманбап билимканага киришет. Ал эми алдыдагы 2026-2027-окуу жылында К. Сартбаев атындагы орто мектебинде 397 окуучу билим алып, аларга 29 мугалим билим бермекчи.

Кара-Дарыя айыл аймагында жалпысынан 6 орто мектеби болсо, алдыдагы окуу жылына карата 3490 окуучу мектепке катталып, аларга 237 мугалим таалим-тарбия беришет.

Эскерте кетсек, Кара-Дарыя айыл аймагындагы Мамасадык Маткаримов атындагы жана Адылбек Абдукаимов атындагы орто мектептердин имараттарында учурда капиталдык-реконструкциялоо иштери жүрүп жатат.

 

Айылдык маалымат борбору.