Кара-Дарыя айыл аймагындагы Арал айылында жайгашкан, Сузак районундагы алгачкы мектептердин бири эсептелген №19 Адылбек Абдукаимов атындагы орто мектебинин имараты толугу менен капиталдык реконструкциялоодон өтүп жатат. Бул мектеп окуучулары менен мугалимдер үчүн заманбап зарыл шарттар жаратылат дегенди билдирет. Бул тууралуу Кара-Дарыя айыл өкмөтүнөн билдиришти.

Мектептин имаратын капиталдык реконструкциялоо долбоору Бүткүл дүйнөлүк банктын каржылоосу жана ERIK – “Кыргызстанда табигый кырсыктардын тобокелдиктерине туруктуулукту жогорулатуу” долбоору аркылуу жүргүзүлүп жатат. Бул долбоордун 2-компоненти боюнча өлкөнүн 300 мектебинде изилдөө иштери жүрүп, айылдагы Маткаримов жана Абдукаимов атындагы орто мектептер реконструкциялоо зарылдыгы менен долбоордун приоритеттик тизмесине киришкен.
Бул реконструкциялоо иштеринин буюртмачысы болуп Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги эсептелет. Ал эми курулуш иштерин тендерден жеңип алган “Вираж Групп” жоопкерчилиги чектелген коому жүргүзүүдө. Мектепке тиешелүү жалпы жер аянты 2,7 гектар, анын ичинен курулуш аянты 1744 чарчы метрди түзөт. Жалпысынан 320 орунга ылайыкталган бул мектептин реконструкциялоо иштеринин наркы 94 миллион 700 миң сом деп аныкталган.

Мектептин имараты жөн эле жыл сайынкы оңдоп-түзөө болбойт, имаратты реконструкциялоо кайра пландаштыруу, эсеп-аналитикалык негиздемеге ылайык көтөрүүчү конструкциялык элементтерди күчөтүү, имараттын фасадын жакшыртуу, инженердик системаларды жана коммуникацияларды алмаштыруу, имаратты жылуулоо, пайдубалды, дубалдарды, мамычалар менен устундарды бекемдөө жана желдетүү, жылытуу жана электр менен жабдуу тутумун орнотуу иштерин камтыйт. Ошондой эле, мектептин муктаждыгы үчүн башка курулмаларды орнотуу, ички дааратканаларды жайгаштыруу, чатыр конструкцияларын алмаштыруу, сырткы жарыктандырууну, лифт жана пандусту орнотуу иштери жүргүзүлөт. Андан сырткары, спорт майданы реконструкияланып, айланага толугу менен брусчатка басылат. Максат – мектептин имаратынын сейсмикалык туруктуулугун бекемдөө жана ички-тышкы шартын жакшыртуу.

Мектеп директору Жаныш Каратаевдин айтымында, мектеп окуучулары убактылуу башка жайларга жайгаштырылды.
-Азырынча мектеп окуучуларын окутуу Арал айылындагы эки мечит-медреселердин имаратында жүргүзүлмөй болду. Албетте, ыңгайсыздыктар болот, анан калса мектеп окуучуларынын жол коопсуздугу, башка муктаждыктары келип чыгат. Бул маселелерди биз айыл өкмөтү, депутаттар, ата-энелер менен чогуу кеңешип чечип атабыз. Мүмкүн болушунча жакшыраак шарт түзүүгө аракет жасайбыз, баары жакшы болот деген үмүттөбүз, — дейт ал.
Эскерте кетсек, илгери союз мезгилинде Арал айылында Жданов атындагы сегиз жылдык мектеп болгон. Кийин 1980-жылы жаңы мектептин имараты курулуп, орто мектепке айландырылган жана “Кара-Дарыя орто мектеби” деп аталган. Кийинчерээк бул мектепте көп жыл иштеген, айылдагы ардактуу педагог Адылбек Абдукаимовдун ысымы ыйгарылган. Учурда жаңы окуу жылына карата 683 окуучу катталып, аларга 52 мугалим билим берет.

Мектептин имаратын капиталдык реконструкциялоо иштери үстүбүздөгү 2026-2027-окуу жылынын аягына чейин бүткөрүлмөкчү. Эгер реконструкциялоо иштери бүтүп, ишке берилсе, окуучулар менен мугалимдер үчүн мурда болбогон жакшы шарттар түзүлөт. Келечек муунга татыктуу таалим-тарбия берүүнүн сапатын арттырууга жакшы мүмкүнчүлүктөр ачылат деген зор үмүт бар.
Айылдык маалымат борбору.