Бир кезде токой, чер эле,
Былкылдап саздак жер эле.
Өлбөгөн жанга жан багыш,
Өлгүдөй мээнет, тер эле.
Антсе да миң кыл айбанат,
Илбээсин баккан жер-эне.
Өркөчтүү жапыз адыры,
Өзүнчө кудум берене.
Көп жылдар өтүп арадан,
Адамдар ишке жараган.
Токой-түз гүлгө оронуп,
Айылдын аты тараган.
Эгиндүү, бактуу айылды,
Суктанып көбү караган.
Суулары сактайт кыйланы,
Суу чечек, безден, жарадан.
Чак түштө обон созбогон,
Чөбөрүң түндө боздогон.
Көңүлгө салып кыжаалат,
Коркунуч сезим козгогон.
Токойдо түлкүң көп эле,
Жарышса эч ким озбогон.
Беймарал бейиш жер элең,
Береке кетип тозбогон.
Сай толо шалызар болду,
Суу каптап кыйла жар болду.
Эгиндер ээлеп жер бетин,
Мал-жанга жайыт тар болду.
Үлүшүн эптеп эге албай,
Алсыздар жаман зар болду.
Эпчилдер эзип өз элин,
Көпчүлүк какшап кар болду.
Антсе да сага умтулам,
Жакындык кетпей тулкуман.
Өзүңө деген бир сезим,
Өңгөчүн тартып булкуган.
Кусалык кысса ойдолоп,
Ойгонуп кетем уйкудан.
Кутулмак кыйын мен үчүн,
Сен деген сезим-туйгудан.
Бир көрүп калсам көктөмүң,
Ырдагым келет көркөмүн.
Өмүрүм сергип өрөөпкүп,
Өскөндөй болот өркөнүм.
Жыбырап майда балыктуу,
Жыбылжып агат өстөнүң.
Каралдың болуп кашыңда,
Киндик кан тамып, өскөнмүн.
Бакалар чардап иңирден,
Бейпилдик шаңы билинген.
Өзөндөй өргө ташкындап,
Өзүңдү сүйдүм дилимден.
Өңчөй бир жигит март чыгып,
Өз-жатка назар илинген.
Жаман сөз уксам жаттардан,
Жүрөгүм канап тилинген.
Сууларың балдар киринген,
Сусуулук таркайт иримден.
Суу бойлоп өсөт түмөн гүл,
Суктанып карайм ичимден.
Жароокер агат булактар,
Жалбыздын жытын сиңирген.
Элирип ойноп эчки-улак,
Эринбей суудан шимирген.
Күлботоң кызыл манаттай,
Көк кыя бутум канатпай,
Ботокөз баёо булагың,
Болукшуп сызат шар акпай.
Мас боло түшөм жутканда,
Магдырап кудум шараптай.
Жөгөнүн бою жөн эле,
Жагымдуу бейиш тараптай.
Кирпиктүү тунук өстөнү,
Камыштар кайкып өскөнү.
Кыпкызыл жошо кызгалдак,
Толурат көңүл бөскөнү.
Не деген түмөн түрлүү гүл,
Талаага толуп өспөдү?!
Бир көрүп калса жат адам,
Каректен такыр өчпөдү.
Күрөшкө түшсө кулатып,
Кыйласын койбой сулатып,
Үмүттүү башка балбандын,
Үмүтүн үзүп уратып.
Деги бул балбан ким экен,
Дедиртип элден суратып.
Балдарың чыкты чын эле,
Барк алып, элди ынатып.
Кызыгып дүйүм матага,
Жигитке таштап шакаба.
Адеми жоолук кыз-келин,
Суу ташыйт калай чакага.
Гүл сыңар көркүң чыгарат,
Кынаптап алган жакага.
Жалжал көз үчүн эп болор,
Жаныңды чапсаң садага.
Девзира күрүч дегизген,
Демделген палоо жегизген.
“Авангард” күрүч дегизген,
Ардактап палоо жегизген.
Айтылган кеби салмактуу,
Тептерең көлдөн, деңизден,
Дос эмес, жоого урматтап,
Ынтымак сүтүн эмизген,
Айланып кетем миң жолу,
Ардактуу кутман элимден!
Жалил САПАРОВ.