Жаңылыктар

КАРТОШКА ЭКСПОРТУ АЗАЙЫП КЕТТИ. ЭМНЕ КЫЛЫШ КЕРЕК?

Быйылкы жылдын алгачкы төрт айынын жыйынтыгы боюнча Кыргызстанда сыртка картошка экспортоо көлөмү кыйла азайып кетти. Кошуна өлкөлөрдүн керектөөчүлөрү биздин фермелердин картошкасына анча кызыкпай калышканы көрүнүп турат. Бул тууралуу EastFruit медиа-платформасы жазып чыктты.

Алынган маалыматтарга караганда, быйылкы январь-апрель айларында сыртка картошка сатуунун көлөмү 13,4 миң тоннаны түзгөн. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 29 пайызга аз. Себеби өткөн жылы Кыргызстан 18,9 миң тонна картошка экспорттогон эле. Буга байланыштуу алынган киреше да азайып кетти. Мисалы, 2025-жылы алгачкы төрт айда сыртка сатылган картошкадан 2,5 миллион доллар киреше келип түшсө, быйылкысы 1,6 миллион долларга гана жетти.

Кошуна Өзбекстан кыргыз картошкасын көп керектеген рынок боюнча калууда. Төрт айда Өзбекстанга 12 миң тоннадан ашык экспорт жасалып, 1,1 миллион доллар киреше түштү. Бирок, экспорттун көлөмү өткөн жылдын төрт айындагыга салыштырмалуу 4,3 миң тоннага азайып кеткен. Казакстан да быйыл картошканы аз импорттоп, өткөн жылдагы 2 миң тоннанын ордуна 1,1 миң тонна гана картошка сатып алды. Деген менен, Кыргызстандын картошкасын сатып алуучулар жаңы кардарлар да пайда боло баштады. Мисалы, тажикстандыктар быйылкы жылы төрт ай ичинде 192 тонна картошка сатып алышты, ал эми өткөн жылы дегеле соода болгон эмес.

Тилекке каршы, Россия биздин картошкадан баш тартып, быйылкы төрт айда араң гана 49 тонна сатып алган. Ал эми Азербайжан өткөн жылы картошка сатып алууну толугу менен токтотуп коюп, бирок алгачкы төрт айда 260 тонна сатып алган эле.

Эксперттердин пикири боюнча, биздин фермелер чийки өнүмдү экспорттоодон жана анын тобокелдиктеринен запкы тарта бербестен, картошкадан ар кандай товарларды өндүрүп, кайра иштетүү жагын колго алуу керек. Мисалы, крахмал, картофель чипсыларын, башка да ар кандай өнүмдөрдү даярдап сатса, кошумча нарк өсүп, киреше да кыйла жогоруламак. Ал эми жакшы киреше ишкердикти дагы да өнүгүшүнө шарт түзөр эле.

Айылдык маалымат борбору.