Жаңылыктар

КЛИМАТ: 3,5 МИЛЛИОН ТОННА КАРТОШКА КАЙДА?

Алынган маалыматтарга караганда, быйыл Европадагы кургакчыл аба-ырайынын шартында картошканын түшүмү акыркы мезгилдеги байкоолор боюнча эң начар болушу мүмкүн. Анын кесепетинен Германия, Франция, Бельгия, Нидерланды жана Улуубританиядагы алынбай калган түшүмдүн көлөмү 3,5 миллион тоннага жетет деген божомолдор бар. Бул тууралуу тийиштүү басылмаларга шилтеме берүү менен EastFruit басылмасы жазып чыкты.

Азыркы тармактык эсептөөлөргө караганда, NEPG өлкөлөрүндө (Нидерланды, Франция, Белгия, Германия) картошканын түшүмдүүлүгү болжол менен 3,1 миллион тоннага кыскарат. Түшүмдүүлүгү жалпы жонунан акыркы 5 жылдагыдан 7-21 пайыз төмөндөшү күтүлөт. Кургакчыл аба-ырайына чейинки аныкталган баалар боюнча эсептеп көргөндө алынбай калган түшүмдүн көлөмү аталган төрт өлкөдө 405-622 миллион еврону, орточо алганда 498 миллион еврону түзөт. Ал эми Улуубританияны да кошкондо жалпы чыгымдар 3,5 миллион тоннадан ашып, анын наркы 498-818 миллион еврого жетиши мүмкүн. Улуубританиянын өзүндө чыгымдын наркы 80ден 169 миллион еврону чапчышы ыктымал.

Аба-ырайынын жагымсыщ шартында картошка эгилген аянттар кыскарып жатат. Өткөн жылдагы рекорддук 27,3 миллион тонналык түшүмдөн кийин баалар төмөндөп, фермелер картошка аянттарын кыскартууга мажбур болушкан. Германияда картошка аянттары 11 пайызга, Францияда — 10, Нидерландыда – 15, Бельгияда 17 пайызга кыскарган. Ошол аянттардын кыскарышынан эле картошка өнүмү 3,6 миллион тоннага азайган.

Азыркы тапта Европадагы кртошка өнүмү жалпысынан 19,5-20,5 миллион тоннанын айланасында болот деген божомол бар. Бул картошканын өнүмү быйыл Европа Шериктештигинин соңку тарыхындагы эң төмөнкү чекте болот деген кеп. Мындан эң чоң чыгымды Германия тармакчы – 1,13 миллион тоннага жакын зыян. Францияда алынбай калган тушүмдүн көлөмү 0,99 миллион тоннага жетип, түшүмдүүлүк акыркы 30 жылдагы эң төмөнкү чекте калат. Бельгияда 0,79 миллион тонналык зыян болуп, анын жарымы картошка фри өнүмү эскептелет, демек, кайра иштетүүчү өнөктөр да зыян тартышат. Нидерландыда болсо, зыян 0,21 миллион, Улуубританияда – 0,44 миллион тоннага жетиши мүмкүн.

Европадагы картошканын түшүмүнүн азайышына эки фактор — климат жана аянттардын кыскарышы таасир берди. Ошентип, барган сайын адамзатты кыжаалат кылып келаткан климат дүйнөнүн эң бир өнүккөн аймактарынын бири болгон Европанын айыл чарбасына сокку урду. Эми ушундай эле кырдаал башка аймактарда да жүз берсе, анда баалардын жана акыры барып эле азык-түлүк менен камсыз кылуунун туруксуздугу келип чыгат.

 

Айылдык маалымат борбору.