Өзбекстан өнөр жай багытында туруктуу өнүгүүнүн ар тараптуу базасын түзүүдө: кечээ жакында эле Өзбекстандын ири областтарынын бири Анжиянда жаңы окуу жайы – өнөр жай жаатында иштей турган кадрларды даярдоочу эл аралык техникум иштей баштады. Ошентип, кошуналар ар тараптуу багытта иш алып баруучу заманбап өз адистерин даярдай турган болушту. Бул тууралуу Рodrobno.uz жаңылыктар агенттиги жазып чыкты.

Анжиян областына караштуу Анжиян районундагы “Ипак йули” (Жибек жолу) өнөр жай аймагында ачылган “Андижан-Хуаня” эл аралык техникумун өлкөнүн президенти Шавкат Мирзиёев да көрүп, адистерди даярдоо процесси менен таанышып кетти.
Бул окуу жайы текстиль, машина куруу, электротехникалык ишканалардын адистерин даярдап чыгарат. Бул долбоордун жалпы наркы 15 миллион доллар турат да, чет элдик инвестициянын негизинде ишке ашырылат. Окуу жайдын ачылышы менен 150 жумушчу орду түзүлдү. Окуу жайы төрт гектар аянтты ээлеп, анда 5 миң окуучу окуйт. Азыркы учурда окуучулар үчүн жатакананын, лабораториялык корпустун имаратын, спорттук аянтчаларды жана ашкананы куруу иштери башталган. Техникумда эки тараптуу (дуальный) билим берүү системасы колго алынган, демек, теориялык сабактар окуу жайынын аудиториясында өтүлөт да, практикалык сабактар окуу жайы жайгашкан өнөр жай аймагынын ири ишканаларында жүрөт.

Алынган маалыматка караганда, азыркы тапта 210 окуучу кабыл алынып, окуп жатышат. Ал эми 2030-жылга карата жыл сайын кабыл алынган окуучулардын саны 1800гө чейин, жалпы саны 4 миңге көбөйөт. Окутулуучу адисттиктердин саны болсо, 20га чейин жеткирилмекчи.
Эске сала кетсек, азыркы кезде Анжиян областында 206 инвестициялык долбоордук курулуштардын курулушу башталды.
Айылдык маалымат борбору.