Өзбекстандын өкмөтү Каракалпакстанды багбанчылык жана бахчачылык жагынан өнүктүрүү менен багбанчылыктын өзүнөн эле 500 миллион доллар киреше табууну көздөп жатат. Муну менен өзбек бийликтери бир нече коёнду бутага алышмакчы: чөлдүү аймакты жашыл зонага айландырышат; элди жумуш жана киреше менен камсыз кылышат; өлкөнүн экономикасын өнүктүрүшөт. Бул тууралуу багбанчылыкты өнүктүрүү жаатында иштеп жаткан east-fruit.com порталы UzDaily басылмасына шилтеме берүү менен жазып чыкты.

Маалыматта айтылгандай, жакынкы үч жыл аралыгында Каракалпакстанда 30 миң гектар жерге бак тигилип, анын аркасында экспортту көбөйтүү менен кирешени 500 миллион долларга жеткирүү аракети башталды. Негизинен шордуу кыртышка туура келген сорттогу кайналы менен өрүктүн көчөтү отургузулмакчы. Бул боюнча Өзбекстандын президенти аймакты комплекстүү өнүктүрүү программасынын алкагында өкмөткө тапшырма берди.

Багбанчылыкты өнүктүрүү багытындагы үч жылдык программанын алкагында азыртан эле аракеттер жүрүп жатат. Мисалы, Каракалпакстандын Кегели районунда 330 гектар жерге өнөр жайлык багыттагы бактар тигилип, жалпы аянт 10 миң гектарга жеткирилмекчи.
Жогоруда айтылган долбоорду ишке ашыруу максатында Каракалпакстанга Анжиян областынан кыртыш боюнча адистер жана дыйкандар жумушка тартылып, алардын иштешине жана жашап туруусу үчүн тиешелүү турак-жай шарттары түзүлөт. Ошондой эле 1-октябрга чейин жергиликтүү климатка ылайыкташкан көчөттөр менен камсыз кылуу тапшырылган. Быйыл ар бир райондо 50 гектардан жаңы бактар пайда болот да, 2027-жылдын жазынан алардын аянты кеңейтилет. Жалпысынан 20 миң жумуш орду түзүлмөкчү.

Эске сала кетсек, өлкө президенти Ш. Мирзиёевдин Сербияга жумушчу сапарынан кийин Өзбекстан менен Сербия заманбап багбанчылык багытында чогуу иштешмек болушту.
Андан тышкары, Нукус районунда 10 миң гектар аянтка коон эгүү пландалууда. Аны үчүн АКШ, Испания, Нидерланды жана Кытай сыяктуу өлкөлөрдөн коондун мыкты сортторунун үрөндөрү алынып келинет. Бахчачылыкты өнүктүрүү боюнча ишке чет элдик адистер тартылат. Максат – бул аймакта инвесторлорду тартуу менен коонду кайра иштетүүчү жана коон экспорту менен алектенүүчү холдинг түзүү жана иштетүү. Нукус районундагы техникумда бул багыттагы адистерди даярдап чыгуу колго алынат. Холдинг Нукус районунан тышкары Өзбекстандын Хорезм, Кашкадарыя, Жизак жана Сырдарыя областтарынын фермелери менен иш алып барат.

Албетте, багбанчылык жана бахчачылык менен эле чектелип калышпайт экен. Мал чарбачылыгын жана канаттууларды өстүрүү багытында үлкөн иштер пландалууда. Муну менен алектенгендерге берилүүчү насыялар 10 эсе көбөйүп, жем иштеп чыгаргандарга субсиядиялар берилмекчи.
* * *
Деген менен, сунуш кылынып жаткан долбоорлор аркылуу биздин бозоргон адырга суу чыгып калса, багбанчылыкты өнүктүрүп, Кара-Дарыя айыл аймагын жашыл өрөөнгө айландыруу мүмкүнчүлүгү жаралат. Бирок, биз ошол мүмкүнчүлүктөн пайдалана алабызбы? Кеп ошондо.
Айылдык маалымат борбору.