Коом

СЫЙ КӨРБӨЙ КЕТКЕН СЫЙМЫКТУУ ИНСАН

Сайтыбызда (28-август 2026-жыл) Кара-Дарыянын кулуну, психология илимдеринин кандидаты, доцент, таанымал коомдук ишмер МУРЗАЕВ Маматали Султановичтин “Кара-Дарыядан чыккан чыгаан окумуштуу” аттуу макаласы жарыяланган эле. Анда Кара-Дарыя айыл аймагынан биринчи болуп чыккан көрүнүктүү илимпоз, маркум Талип Ормонов тууралуу жазылып, анын кандай окумуштуу, кандай инсан болгону кеңири көрсөтүлгөн. Андан улам Кара-Дарыя аймагынын тургундарынын көпчүлүгү бул инсан тууралуу азыноолак болсо да маалымат алышты.

Чынында Талип Ормонов тууралуу эл билиши керек болгон, келечек муундарга мотивация (шык) берүүчү дагы далай маалыматтар бар, айтыла турган сөз көп. Айрым жердештердин пикирин, көпчүлүккө бере турган оң таасирин эске алып Т. Ормонов тууралуу дагы бир жолу кеп салууну туура көрдүк.

 

*       *       *

 

Окумуштуунун баскан жолу

 

Ормонов Талип Ормонович 1935-жылы 1-январда Сузак районунун Кара-Дарыя айылында туулган. Анын дүйнөдөн кайткан датасы – 1989-жылдын 22-ноябры. Ал көзү өткөн кезде Педагогика илимдеринин доктору, профессор эле. Бүт өмүр жолунда Кыргыз элдик педагогикасын жана этнопедагогика илимин казды.

Мектепти бүтүргөндөн кийин эле Ош мамлекеттик педагогикалык институтунун чет тилдер факультетине (азыркы Ош мамлекеттик университети) окууга тапшырып, аны 1960-жылы ийгиликтүү аяктаган. Окууну аяктап гана чектелип калбай, ал илимдин артынан түшүп, 1972-жылы ошол Союз мезгилиндеги атактуу, орус жана союздук педагогика мектебинин борборлорунун бири болгон Казан мамлекеттик педагогикалык институтунда педагогика боюнча кандидаттык диссертациясын ийгиликтүү коргоп, кандидаттык илимий даражага ээ болгон.

Анан илимий изилдөөлөрүн андан ары улантуу менен докторлук диссертациясын ошол кездеги таанымал илимий борбор —  Чуваш мамлекеттик педагогикалык институтунда ийгиликтүү жактап, педагогика илимдеринин доктору болуп калган.

Бул киши Кара-Дарыя айылынан чыккан илимдин биринчи кандидаты, илимдин биринчи доктору гана эмес эле. Ал Кыргызстанда улуттук этнопедагогиканы изилдеп, бул багыттагы илимий изилдөө иштерине жол салган алгачкы илимпоз болду. Илимий өзүнчө бир тармакка чыйыр салган алгачкылардан эле.

 

Анын илимий мурастары 

 

Талип Ормонов Кыргызстандын борбор шаары Фрунзедеги (азыркы Бишкек) илимий чөйрөдө жүрүп, кийин Ош мамлекеттик педагогика институтунда (кийин университет) 1980-1085-жылдар аралыгында Педагогика факультетинде кафедраны жетектеп, анын илимий потенциалын жогорку деңгээлге көтөрүүгө зор салым кошкон.

Жогоруда белгиленгендей, Талип Ормонов Кыргызстанда этнопедагогика илиминин башатында турган сейрек окумуштуулардын бири болчу. Ал кыргыз элинин каада-салттарын, улуттук тарбиялоо усулдарын эл аралык деңгээлде изилдеп, илимий айлампага киргизген. Анын эмгектери атамекендик педагогика илиминин алтын фондунда өзгөчө орунду ээлейт.

Ал өзү гана илимдин артынан түшүп, изилдөө иштери менен алектенип калбай, Казан жана Чуваш илимий мектептеринен өткөн ири окумуштуу катары жаштарга устаттык милдеттерин да татыктуу аткарган киши катары да белгилүү. Анын колдоосу, жардамы жана шарапаты менен жүздөгөн жаш мугалимдер, аспиранттар жана келечектеги илимпоздор тарбияланышып, ал өзүнчө эле бир мектепти түптөгөн. Азыр анын окуучулары, шакирттери өлкөнүн ар кайсы бурчунда, ар кайсы илимий жана башка тармактарда ийгиликтүү иштеп жүрүшөт.

Талип Ормонов биринчилерден болуп «Манас» эпосундагы элдик тарбиялоо салттарын илимий негизде изилдеп чыккан окумуштуу эсептелет. Ал совет доорунда биринчилерден болуп улуу «Манас» эпосуна кайрылып, андагы байыркы кыргыздардын педагогикалык көз караштарын, аскердик машыгууларын жана баатырларды тарбиялоо салттарын изилдеген. Ал эпосту кыргыз элинин тажрыйба-билиминин жыйындысы, башкача айтканда, «педагогикалык пансофия» деп атаган.

Кандидаттык диссертациясын жактоодогу анын илимий жетекчиси белгилүү чуваш илимпозу, академик Геннадий Никандрович Волков болгон. Кийин Г. Волков кыргыздын бир катар чыгаан илимпоздорун тарбиялаган атактуу окумуштуу катары тарыхта калды.

Ошол Союз кезинде анын курамына кирген кайсы бир республикалардын окумуштууларынын илимий макалалары союздук илимий басылмаларга оңой менен жарык көрбөйт эле. Биринчиден, ага жетиштүү илимий деңгээл, актуалдуу темалар жана келечектүү багыттар зарыл болгон. Ошол кезде Т.  Ормоновдун бир катар илимий макалалары «Семья и школа» жана «Советская педагогика» сыяктуу абройлуу журналдарга жарыяланып турган. Бул анын окумуштуулук деңгээлинен кабар берет.

Советтик идеология учурунда ар кайсы улуттардын элдик тарбиялык салттары, анын ичинде кыргыздын эң бир баалуу «Манас» эпосу да четке кагылып, аны изилдөө же практикада пайдалануу улутчулдук катары айыпталып келген. Ошого карабай “Манас” эпосун этнопедагогикалык жактан изилдегени үчүн Т. Ормонов тиешелүү органдар тарабынан бир нече ирет суракка алынып, кысымга кабылганы жашыруун эмес. Мына ушундай моралдык-психологиялык кысымга алуулардын, куугунтуктардын айынан ал ден соолугунан ажырап, эрте эле каза болуп калды. Өмүрүн акыркы жылдары өзүнүн туулуп-өскөн Кара-Дарыя айылында өттү.

Бүгүнкү күндө анын эмгектери кыргыз улуттук педагогикасынын алтын фондунда сакталып, жаш муундарга үлгү катары бааланып келет. Анын “Манас” эпосундагы этнопедагогикалык баалуулуктар боюнча табылгалары мектептерде окуу китептери аркылуу өтмө ыкмада окутулууда.

 

Ал тарбиялаган шакирттер

 

Жогоруда айтылып кеткендей, Т. Ормонов көптөгөн шакирттерин, окуучуларын, артынан анын жолун улаган атактуу илимпоздорду, кала берсе мамлекеттик ишмерлерди да тарбиялады. Алар бүгүн атамекендик педагогика жана этнопедагогика илимин изилдеп, аны тынымсыз өнүктүрүп келишет. Ош мамлекеттик университетинде иштеп жүргөн кезинде көптөгөн илимпоздорду уядан учуруу менен этнопедагогика илимин изилдөөчүлөрдүн пайдубалын курду. Айрымдары жогорку мамлекеттик кызматтарда билим, илим  тармагын жетектеп келишет.

Башкасын айтпаганда да анын окуучуларынын бири, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын академиги, педагогика илимдеринин доктору, улуттук этнопедагогика жаатындагы азыркы эң бир таанымал жана алдыңкы окумуштуу катары, “Кыргыз этнопедагогикасынын атасы” катары таанылган Акматалы Алимбеков да бир кезде дал ошол Т. Ормоновдон алгачкы таалим-тарбия алып, этнопедагогика илимине баш койгон. Т. Ормонов анын дипломдук ишинин жетекчиси катары бул тармакка карай жол ачып берген. Кийин А. Алимбеков да устатынын жолу менен атактуу окумуштуу Г. Волковдон тарбия алып, анын сүйүктүү шакирттеринин бири болуп калган.

Т. Ормоновдун шакирттеринин бири – белгилүү жазуучу, көрүнүктүү публицист, адабий сынчы, педагогика илимдеринин доктору, профессор Абдукерим Муратов. Ал устатынын жолун активдүү улантып, элдик педагогиканы жана адабиятты окутуунун усулдарын изилдеп келет.

Т. Ормоновдун шакиттеринин бири катары Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаеваны айтпай кетүүгө болбойт. Д. Кендирбаева өзүнүн эскерүүлөрүндө Т. Ормоновдун көрүнүктүү окумуштуу экенин белгилеп, ал студент кезинде лекция окуганын, анын лекциялары абдан кызыктуу жана таасирдүү болгонун, өзүнүн “Манас” эпосундагы педагогика боюнча илимий иши менен алгачкы студенттик илимий иштерге кызыгып калганы, ага Т. Ормонов өзү багыт берип, колдоого алганы тууралуу белгилейт.

Т. Ормоновдун ушул сыяктуу илимде жана билим берүү, башка да тармакта ийгиликтүү иштеп келаткан көптөгөн шакирттери учурда Кыргызстандын өнүгүшүнө салым кошуп келишет.

 

Т. Ормонов тууралуу шакирттеринин айтканы

 

Анын окуучулары, шакирттери Т. Ормоновду терең дүйнөсү бар окумуштуу-новатор, системага каршы чыгуудан коркпогон тайбас устат жана харизмалуу педагог катары сурөттөшөт. Алар элдик педагогиканы советтик катаал цензурадан коркпой илим аркылуу коомго алып өткөнү тууралуу кеп салышат жана каармандыгына баа беришет.

Мисалы, окумуштуунун мурастары тууралуу Ош мамлекеттик университетиндеги илимий-практикалык конференциянын материалдарында совет мезгилиндеги улуттук баалуулуктарга абдан эле этияттык менен мамиле кылган катаал идеологиянын шартында Талип Ормонов чыныгы каармандыкты көрсөткөнү, “Манас” эпосу – бул жөн гана оозеки чыгармачылык эмес, чынында кыргыз элинин инсанды тарбиялоочу даяр “педагогикалык пансофиясы” экенин ачык эле айтып чыкканы айтылат. Албетте, мындай “жагымсыз” темада коммунисттик-советтик система, идеология күчөп турган 1972-жылдары диссертация жазып, коргоп чыгуу чыныгы каармандыкты талап кылгандыгы баса белгиленген.

Атактуу окумуштуу Акматали Алимбеков Т. Ормонов анын башкы илимий багыт берүүчүсү болгонун белгилеп, анын жаш кадрлар менен иштей билүү жагынан баалаган. Анын айтымында, Т. Ормонов элдик салттардан жандуу илимди көрө билген киши эле. Устат катары ал аябай талапчыл болуп, шакирттеринен чоңбу же майдабы ар бир фольклордук жанрга, макалга же көчмөндөрдүн үрп-адатына терең көңүл буруу менен кенен иликтөөгө мажбурлаган. Ал студенттерге жөн гана лекция окуп койбостон, аларга элдик философия категориялары аркылуу ойлонгонду үйрөтүп, бүгүнкү кыргыз этнопедагогикасынын өнүгүп жатышына бекем пайдубал курган.

Профессор Абдукерим Муратов болсо, анын адамдык сапаттары, куугунтуктан көргөн запкылары тууралуу өз макалаларында эскерген. Анын эскергендери боюнча, Т. Ормонов ички маданияты өтө бийик, өз улутуна берилген инсан болгон. Тилекке каршы, анын “Манаска” болгон улуттук тарбиялоо жана сүйүү багытындагы новатордук көз караштары партиялык органдар жана атайын кызматтар тарабынан кысымга алууларга дуушар кылды. Көптөгөн суракка алуулар, моралдык жактан куугунтуктоолор анын ден соолугуна терс таасирин берген. Ошого карабастан анын идеялары буулуп же токтоп, жокко чыгып калбады, ал өз шакирттери аркылуу кеңири тамыр жайды.

Азыркы Билим берүү жана илим министри Кендирбаева Догдуркүл Шаршеевна устаты Т. Ормонов тууралуу эскерүү менен анын чыныгы профессордук сапаттарына, анын лекциялары студенттердин дүйнөгө болгон көз караштарын кантип өзгөрткөнүнө жогорку баа берген. Анын айтымында, студенттер анын лекцияларын абдан кунт коюу менен угушчу, анткени анын лекциялары өзгөчөлөнүп, жаштарды өзүнчө тартып алчу. Билим берүү чөйрөсү, тармагы бирдей стандарттарга баш ийдирилген мурдагы доордо Т. Ормонов өзү лекция окуп жаткан аудиторияга улуттук сыймыктын духун алып кирчү. Ошентип, Д. Кендирбаеваны жана ал сыяктуу башка жаштарды педагогика илимине тартып, кыргыз элинин руханий мурастарына болгон терең урмат-сыйды алардын жандүйнөсүнө сиңирген.

Жогорудагылардан улам бир нерсе ачык көрүнүп турат: Т. Ормонов өз доорунан алдыга озгон окумуштуу жана инсан болгон.

 

Үй-бүлөсү

 

Талип Ормоновдун эң жакын айылдаштары да анын өмүрү, жасаган иштери мындай турсун, үй-бүлөсү тууралуу да анчалык кабардар эмес. Ушул кемчиликти, бөксөнү толтуруп коюу үчүн бул тууралуу да маалымат бере кетели.

Жубайы Гүлнара Жоробаева үй-бүлөлүк очоктун кутун сактап, окумуштуунун ишенимдүү тиреги болуп келди.

Ата жолун жолдогон, коомго пайдасы тийген балдары бар. Алар – Азамат Ормонов жана Манас Ормонов. Манас азыркы учурда алыскы Францияда жашайт, Азамат Египетте дин жаатында билим алып, азыркы учурда дин кызматкери.

 

 

Бааланбай калган эмгек

 

Талип Ормонов тууралуу жакшы кептер айтылат, жогорку баалар берилет, терең урмат-сый менен ысымы тилге алынат. Бирок, анын эмгеги, бүгүнкү улуттук сыймык үчүн пайдубал болуп берген илимий ийгиликтери бааланган жок. Башкаларга окшоп совет бийлигинен “Эмгек сиңирген ишмер” сыяктуу наамдарды алып, же орден-медалдардын ээси болбоду. Тескерисинче, ага туура эмес мамилелер болуп келди…

Талип Ормоновдун ысымындагы көчө да, мектеп да, жада калса мектептердин ичиндеги түзүлгөн атайын борборлор (бурчтар) да жок. Эч болбосо балдардын чыгармачылык үйлөрүнө же педагогикалык факультет менен кафедраларга да анын ысымы берилбеди. Деген менен, анын шакирттеринин илимий монографияларында, эскерүү-макалаларында гана анын ысымы өз ордун таап келет. Ошого да шүгүр…

Балким, анын бааланбай калган эмгегин баалап, эскерилбей калган өмүрүнө бир жарк эткен от жагып, кара-дарыялык жердештери бирдеме жасашар, муну да убакыт көрсөтөт.

Канткен менен өкүнүчтүү…

 

Даярдаган Жалил САПАРОВ.