Айылдык жаштар тарабынан уюштурулган волейбол боюнча шерине-тур 10-май күнү Ак-Сай орто мектебинин спорттук залында өтүп, анда төрт команда жеңүүчү катары байгелерге ээ болушту. Бул тууралуу спорттук мелдешти уюштуруу тобунун мүчөсү Талант Миңбаев билдирди.
Анын айтымында, волейбол боюнча жаштар арасындагы мелдештер жыл сайын эле маал-маалы менен уюштурулуп келет. Бул жолкусунда айыл аймагынан 8 команда чыгып, мелдеш кызуу атаандаштыктын кырдаалында жүрдү.

-Бул жолку өткөн мелдешке 18 жаштан жогоркулар катышып, ар кайсы айыл, конуш, участкалардан түзүлгөн 8 команда катышса, мелдештин аягында Үч-Көчө (Кайрагач) участкасынын командасы биринчи орунду ээледи. Экинчи орунга “Хлоппункт” участкасынын командасы, үчүнчү орунга Калинин участкасынын командасы чыкты. Төртүнчү байгелүү орунду Ак-Сай участкасынан түзүлгөн команда ээледи. Оюндун шарты боюнча, жеңүүчү командаларга акчалай сыйлыктар ыйгарылды. Мындай мелдештер жыл сайын эле ар кайсы мезгилде ар кайсы белгилери менен түзүлгөн командалар ортосунда болуп келет. Буюрса, алдыда дагы жаңы мелдештер өтүшү күтүлөт, — дейт Т. Миңбаев.
Эске сала кетсек, бул спорттук шерине-турлар айылдыктар жаштар тарабынан ыктыярдуу уюштурулуп, жаштар өздөру топтогон взностор аркылуу эле өткөрүлүп келатат. Бул айылдык жаштардын спорттук-маданий активдүүлүгү менен спорттун массалуулугун көтөрүү аракети катары бааланууда.
(Маалыматка Талант Миңбаев тарабынан берилген фото-видеоматериалдар пайдаланылды).
Айылдык маалымат борбору.