Эми Өзбекстан Республикасында ар кандай таштандылар таштанды жайларына ташталып же кайра иштетилип гана калбай, андан электр энергиясын алууга пайдаланылат. Муну үчүн өлкөдө атайын 11 завод курулумакчы. Бул тууралуу Podrobno.uz интернет басылмасы жазып чыкты.

Өзбекстандын тийиштүү органдарынан алынган маалыматка караганда, Анжиян, Наманган, Фергана, Самаркан, Кашка-Дарыя, Ташкент областтарында таштандылардан электр энергиясын алуучу алты завод курулуп, курулуштун жалпы наркы 933 миллион доллар болот. Бул заводдор жылына 3,6 миллион тонна таштандыларды кайра иштеп чыгып, андан 1,6 миллиард киловат-сааттын тегерегинде энергия өндүрүлөт. Анан да кошумча беш ишкана ачылып, ага 633 миллион доллар жумшалат.

Деген менен, бир кемчилиги – бул заводдор пластикти кайра иштеп чыгара алышпайт. Бирок, өзбекстандыктар таштанды ыргытуучу көп гектарлуу жайларды үнөмдөшөт, мисалы 2026-жылы таштанды таштоочу жайлар мурдагыдан 32,6 пайызга, 2030-жылы эки эсе азаят. Кошумча 18 таштанды жайы рекультивацияланмакчы. Дагы кошумча иш орундары түзүлөт: 2026-жылы таштанды жүктөөчү 28 бекет курулса, 2030-жылы алардын саны 70ке жетет.
Бул заводдордун алгачкысы жана маанилүүсү 2027-жылдын башталышында Самарканда ишке берилмекчи. Анын кубаттуулугу суткасына 1,5 миң тонна таштанды иштетүүгө жетет, ал эми жылдык иштеп чыгарган электр энергиясы 240 миллион киловат-саатты түзөт.

Ал эми таштандылардын жалпы көлөмүнүн 10 пайызын пластиктер түзсө да аны кайра иштетүүгө азырынча кубаттуулуктар жетишпей турат. Бирок, өзбекстандыктар пластикти жол курулушуна иштетүүнү максат кылышууда. Бул үчүн атайын “Эко-асфальт” стартабы колго алынып жатат. Ал курулуучу жолдордун сапатын арттыруу үчүн ыңгайлуу экен.
Өзбекстан Республикасынын мындай аракеттерин түшүнүүгө болот, анткени электр энергиясына болгон керектөө күчөп жатат. Мисалы, быйылкы жылдын жарымында эле электр энергиясын өндүрүү 7,1 пайызга өстү. Башкача айтканда, 45,4 миллиард киловатт-саат энергия өндүрүлүп, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 2,9 миллиард киловатт-саатка көп. Электр энергиясына болгон керектөө 44,4 миллиард киловатт-сатты түзүп, бул өткөн жылга салыштырмалуу 2 миллиард киловатт-саатка же 4,7 пайызга көптүк кылат.
Айылдык маалымат борбору.